Ведомствонун маалыматына ылайык, айрым чет өлкөлүк медиа каражаттарында Кыргызстандын европалык мамлекеттер менен соодасы «10 000%га чейин өстү» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
Расмий статистикага ылайык, 2019–2024-жылдары товар жүгүртүү:
- Эстония менен 300% — 1,5 млн доллардан 4,5 млн долларга чейин;
- Польша менен 231,53% — 26,0 млн доллардан 60,2 млн долларга чейин;
- Германия менен 323,42% — 79,4 млн доллардан 256,8 млн долларга чейин өскөн.
Министрликтен белгилешкендей, өсүү натуралдык жана нарктык көлөмдөрдүн көбөйүшү, керектөөнүн кеңейиши жана импорт булактарынын диверсификациясы менен байланыштуу.
Ошол эле учурда абсолюттук көрсөткүчтөр салыштырмалуу төмөн бойдон калууда.
Ошондой эле, Экономика министрлиги айрым товардык топтордун импортунун көбөйүшү өндүрүштүк кубаттуулуктардын кеңейиши, жабдууларды модернизациялоо жана тоо-кен өнөр жайы, энергетика, айыл чарба, тамак-аш жана курулуш тармактары сыяктуу негизги тармактар тарабынан ички суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу экенин белгиледи.
Мекеме тышкы соода боюнча маалыматтардын ачыктыгын камсыз кыларын жана Европа өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогду колдой турганын кошумчалады.
Расмий статистика Улуттук статистикалык комитеттин сайтында үзгүлтүксүз жарыяланып турат, бул бардык кызыкдар тараптарга текшерилген маалыматтардын негизинде талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Министрлик ЖМКларды расмий статистикага таянууга чакырды.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.