Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кепилдик фонд» ААКсы: 10 жыл колдоо, ишеним жана өнүгүү жолунда. Ийгиликтүү ишке ашкан миңдеген долбоорлор

Өткөн он жыл аралыгында «КФ» ААКсы Кыргыз Республикасында ишкердикти мамлекеттик колдоонун негизги институттарынын бирине айланды. Уюмдун ишмердүүлүгү бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ишкердик демилгелерди колдоого жана өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

«Кепилдик фонд» ААКсы: 10 жыл колдоо, ишеним жана өнүгүү жолунда. Ийгиликтүү ишке ашкан миңдеген долбоорлор
Фото: Гарантийный фонд

2026-жылдын 23-июнунда «КФ» ААКсынын түзүлгөнүнө 10 жыл толот. 10 жыл ичинде «КФ» ААКсынын колдоосуна 21,7 миңден ашуун ишкер ээ болду. Берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 20 млрд сомдон ашып, ишкердик субъектилерине бизнести түзүү жана кеңейтүү, өндүрүштөрдү модернизациялоо, жабдууларды сатып алуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 61,5 млрд сомдон ашуун кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берди.

Ар бир берилген кепилдиктин артында реалдуу жыйынтыктар турат - жаңы ишканалар, заманбап өндүрүштөр, түзүлгөн жумуш орундары, экспорттук потенциалдын кеңейиши жана аймактардын экономикасынын чыңдалышы. Кепилдик колдоонун аркасында миңдеген ишкерлер өз долбоорлорун ишке ашырып, ишмердүүлүгүн кеңейтип, ата мекендик бизнестин өнүгүшүнө салым кошушту.

«КФ» ААКсынын ишмердүүлүгү Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Уюм иш алып барган бардык жылдар аралыгында өлкөнүн бардык облустарындагы ишкерлерди колдоо, каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жер-жерлерде ишкердик активдүүлүктү стимулдаштыруу негизги артыкчылыктардын бири болуп келет.

Өз ишмердүүлүгүнүн жылдарында «КФ» ААКсы жаңы түзүлгөн уюмдан ишкердикти колдоонун заманбап инструменттерине жана кеңири өнөктөштүк тармагына ээ туруктуу финансылык институтка чейин өсүп жетти. Кепилдик ишмердүүлүгүнүн мыйзамдык базасын өркүндөтүү, уставдык капиталды көбөйтүү, финансылык-кредиттик уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү, жаңы кепилдик продуктуларын жана бизнести колдоо механизмдерин киргизүү өнүгүүнүн маанилүү этаптары болду.

Бүгүнкү күндө «КФ» ААКсы ишкердикти өнүктүрүүгө жана каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик программаларды жана эл аралык демилгелерди ишке ашырууга активдүү катышууда. Дүйнөлүк банктын микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга катышуусу маанилүү этаптардын бири болду. Анын алкагында «КФ» ААКсы «Жашыл кепилдиктер» компонентин ишке ашыруучу оператор болуп саналат. Ошондой эле ишкерлердин жана калктын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары кеңейтүүгө багытталган жаңы продуктулар жана чечимдер ырааттуу түрдө киргизилүүдө.

«КФ» ААКсынын ишмердүүлүгү ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында өз чагылдырылышын тапкан. Бул кепилдик механизмине болгон жогорку суроо-талапты жана анын өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуудагы маанилүү ролун тастыктайт.

Мааракелүү датага байланыштуу «КФ» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров төмөнкүлөрдү белгиледи: 

«КФ» ААКсынын алгачкы он жылдыгы - бул Кыргызстандын кепилдик системасынын калыптануу жана өнүгүү тарыхы. Бул ишкерлер, финансылык-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте басып өткөн жол. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, эл аралык өнөктөштөрүбүзгө, финансылык-кредиттик уюмдарга жана, албетте, ишкерлерге көп жылдар бою көрсөткөн колдоосу, ишеними жана жемиштүү кызматташуусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Топтолгон тажрыйба, мамлекеттин колдоосу жана өнөктөштөрдүн ишеними бизге мындан ары да өз миссиябызды натыйжалуу аткарууга, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошууга өбөлгө болот деп ишенем».

Алгачкы он жылдык калыптануу, өсүү жана маанилүү жетишкендиктер мезгили болду. Бүгүнкү күндө «КФ» ААКсы келечекке ишенимдүү карап, ишкердикти колдоо механизмдерин өркүндөтүүнү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү жана ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда.

Топтолгон тажрыйба, өнөктөштөрдүн ишеними жана мамлекеттин колдоосу «КФ» ААКсынын мындан аркы өнүгүүсүнүн жана ишкердик менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын жыргалчылыгы үчүн жаңы натыйжаларга жетишүүсүнүн бекем негизи болуп калууда.

Banks.kg «Кепилдик фонду» ААКнын командасын мааракеси менен куттуктайт! Кыргызстандын каржы тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымыңызды жана бизнести колдоодогу кесипкөйлүгүңүздү жогору баалайбыз. Фонддун командасына чың ден соолук, туруктуулук жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жаңы ири жеңиштерди каалайбыз! Алдыга умтула бериңиз!

«Кепилдик фонду» ААКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы буйругу менен түзүлгөн. Кепилдик фонду өзүнүн 10 жылдыгын белгиледи. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.