Бул келишимге ылайык, тараптар күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда, кепилдик менен кредит берүү аркылуу ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө.
Документке «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Алмаз Мамбетов кол коюшту.
Келишимге кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар кызматташуу эки каржы институтуна тең өлкөнүн бизнесин колдоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарына ишенимин билдиришти, алардын негизги багыттары – биринчи кезекте экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкерлер.
Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын 25 өнөктөшүнүн арасында Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге: 3 микрофинансылык компания, 1 микрокредиттик компания, 18 банк, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду бар.