Курс USD 87.33 / 87.80
Курс EUR 102.55 / 103.55
Курс RUB 1.102 / 1.128
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.80
EUR EUR
102.55 / 103.55
RUB RUB
1.102 / 1.128
KZT KZT
0.141 / 0.181

Сеулда «Кепилдик фонд» ААК жана Корея өнүктүрүү банкынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

Кыргызстандын делегациясынын Корея Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров менен Кореянын өнүктүрүү банкынын глобалдык бизнес бөлүмүнүн аткаруучу директору Ян Сын Вон менен жолугушуусу болуп өттү.
Сеулда «Кепилдик фонд» ААК жана Корея өнүктүрүү банкынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү

Жолугушууда тараптар эки уюмдардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат алмашышты. Ишкердикти колдоо жана анын Кыргызстан менен Кореянын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин, Улуттук банкынын жана «Кепилдик фонд» ААКсынын өкүлдөрү кирди.

Маалымат үчүн: 

Корея Өнүктүрүү Банкы (KDB) 1954-жылы Кореянын Өнүктүрүү Банкы жөнүндө мыйзамдын негизинде улуттук экономиканы модернизациялоого жана индустриялаштырууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Түзүлгөндөн бери банк Кореяны Республикасынын экономикасын технологиялык модернизациялоого жана диверсификациялоого олуттуу салым кошкон Корея Республикасынын негизги каржылык өнүктүрүү институту болуп саналат.

2182
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.