«Кепилдик фонд» ААКсы: 9 жылдык өсүш, кепилдиктер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр!

Акционерлерге, өнөктөштөргө, кардарларга кошкон салымы, кесипкөйлүгү жана биргелешкен иши үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздун аркасында «Кепилдик фонд» ААКсы стратегиялык милдеттерди ишенимдүү ишке ашырып, улуттук экономиканын өнүгүшүнө салым кошууда.
«Кепилдик фонд» ААКсы өнүктүрүүнүн негизги этаптары:
- Түзүлгөнү: 2016-жылдын 23-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №288-р буйругунун негизинде.
- Баштапкы капитал: республикалык бюджеттен 72 млн сом жана Азия өнүктүрүү банкынан 3 млн АКШ доллары каржылык колдоо (жалпысынан – 282 млн сом).
2025-жылга уставдык капитал: 6 млрд 632 млн сом.
9 жыл ичиндеги негизги жетишкендиктери:
- Берилген кепилдиктердин саны: 12 минге жакын кепилдиктер.
- Кепилдиктердин жалпы суммасы: 12 миллиард 351 миллион сомдон ашык.
- Берилген кредиттердин жеткиликтүүлүгү: 38 млрд 258 млн сомдон ашык суммада.
- Приоритеттүү тармактарды колдоо: бардык кепилдиктердин 66,7% жакыны айыл чарбага, кайра иштетүүгө, өнөр жайга, ипотекага жана туризмге багытталган.
- Региондорду өнүктүрүү: кепилдиктердин 88,5%ы Кыргыз Республикасынын региондорундагы ишкерлерге берилген.
- Аялдардын бизнесин колдоо: ишкер аялдарга 3,5 млрд сомдон ашык суммага 4497 кепилдик (38%) берилген, бул 10,1 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүндүк берди.
Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөш тармагына 27 уюм кирет, анын ичинде: 19 өнөктөш банк, 3 микрофинансылык компания, 1 микрокредиттик компания, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Финансылык-кредиттик өнүктүрүү фонду.
Биз келечекке ишеним менен карап, өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштайбыз. Бизди жаңы долбоорлор, кепилдик продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана өлкөдө ишкердикти колдоо көлөмүнүн андан ары өсүшү күтүп турат.
Биз менен болгондорго баарына ыраазычылык билдиребиз!
«Кепилдик фонд» ААКсы - Кыргызстанда бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө 9 жыл!
Фото: Banks.kg
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.