Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Чехиядагы экспортко багытталган ишканаларды колдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
«Кепилдик фонд өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүп, экспорт жана импортту алмаштырууга багытталган ишканаларга артыкчылык берет», - деп белгиледи Малик-Айдар Абакиров.
Бүгүнкү күндө экспортко багытталган компаниялар кепилдик колдоосун артыкчылык тартибинде алып, бул алардын каржылоону тартуусуна, өндүрүштү кеңейтүүсүнө жана жаңы чет элдик рынокторго чыгышына өбөлгө түзүүдө.
2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча экспортко багытталган ишканаларга берилген кепилдиктердин жалпы көлөмү 1 млрд 175 млн сомдон ашты. Кепилдик колдоосу аркылуу ишкерлер 4 млрд 107 млн сомдон ашуун насыялык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бул алардын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болду.

Жолугушуунун соңунда Малик-Айдар Абакиров Ардактуу консулга англис тилиндеги автордук «Guarantee Fund – Institute for Support and Development of Entrepreneurship» атту китепти белекке тартуулады.
