«Кепилдик фонд» ААКсы жана Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту

2025-жылдын 3-ноябрында «Кепилдик фонд» ААКсы менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонд Кыргыз Республикасында ишкердикти колдоого багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

«Кепилдик фонд» ААКсы жана Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту

Бул документ ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсүн, айрыкча, жетишсиз күрөөгө ээ болгон ишкерлерге кепилдик берүү аркылуу насыя алууга шарт түзүүнү карайт.

Макулдашууга «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы Улан Сарбанов кол коюшту.

Кол коюу аземинде тараптар бул кызматташуу эки финансылык институт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөдө ишкердикти колдоодо, айрыкча экспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ишкерлерди өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганына ишеним билдиришти.

Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөштөр тармагы 28 уюмду камтыйт. Алардын ичинде: 19 өнөктөш банк, 3 микрофинансылык компания, 1 микрокредиттик компания, ошондой эле Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Финансылык-кредиттик өнүктүрүү фонду жана Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду бар.

Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу туруктуу каржылык чөйрөнү калыптандырууга жана Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүктүн өсүшүнө өбөлгө түзгөн дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться