Курс USD 85.26 / 85.73
Курс EUR 92.09 / 93.07
Курс RUB 0.870 / 0.900
Курс KZT 0.121 / 0.190
USD USD
85.26 / 85.73
EUR EUR
92.09 / 93.07
RUB RUB
0.870 / 0.900
KZT KZT
0.121 / 0.190

Жарым жыл ичинде берилген кепилдиктердин жарымы аялдар ишкердигине багытталган

Кыргызстанда аялдардын ишкердиги кеңири таркап жатат жана өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууда. «Кепилдик фонд» ААКсынан кепилдик колдоо алган аялдар жыл өткөн сайын ар кандай тармактарда ийгиликтүү бизнес жүргүзүп жатышат.
Жарым жыл ичинде берилген кепилдиктердин жарымы аялдар ишкердигине багытталган

Кепилдик фонду үстүдөгү жылдын алгачкы алты айында аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 689 кепилдик берип, бул берилген кепилдиктердин жарымына жакынын түзгөн. Алардын 86% өлкөнүн аймактарына багытталган. Аялдардын бизнесин колдоого берилген кепилдиктердин суммасы 400 млн 161 миң сомду түзүп, ишкерлерге 1 млрд 74 млн сомдон ашык суммадагы кредит алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, аялдардын ишкердигине берилген кепилдиктер өлкөнүн аймактары боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 

  • Жалал-Абад облусу - 171 кепилдик; 
  • Чүй облусу - 119 кепилдик; 
  • Ош облусу - 90 кепилдик; 
  • Ысык-Көл облусу - 69 кепилдик;
  • Талас облусу - 65 кепилдик; 
  • Баткен облусу - 47 кепилдик; 
  • Нарын облусу - 32 кепилдик.

«Кепилдик фонд» ААКсынын кызматынан пайдаланган аялдар өлкөнүн аймактарындагы дээрлик бардык тармактардын, анын ичинде: айыл чарбасы, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү, өнөр жай, курулуш, транспорт, туризм, кызмат көрсөтүү чөйрөсү ж. б.өкүлдөрү болуп саналат. 

Кепилдик камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу: (0-554) 17-71-05, (0-556) 62-53-79, (0-312) 62-53-79 же www.gf.kg сайтынан алууга болот. 

Эту же новость можно прочитать на русском языке

1202
2024-07-22T18:35:45+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.