Улуттук банктын калктын финансылык сабаттуулугу боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, респонденттердин 49%ы акчаны үйдө сактоону аманат топтоонун негизги ыкмаларынын бири катары атаган.
Ошол эле учурда 44%ы банктык депозиттерди пайдаланышат, ал эми сурамжылоого катышкандардын 34%ы жалпысынан банктык кызматтарды колдонушат.
Изилдөөчүлөр накталай акчаны үйдө сактоонун популярдуулугун финансылык институттарга болгон ишенимдин чектелүү болушу жана акча топтоонун расмий эмес ыкмаларын колдонуу адаты менен байланыштырышат.
Ошол эле учурда калктын финансылык тартиби кыйла жогору: 93%ы эсептерин өз убагында төлөйт, 83%ы чыгымдарын көзөмөлдөйт, 79%ы сатып алууларын ойлонуп жасайт, ал эми 83%ы узак мөөнөттүү финансылык максаттарын пландаштырат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.