Сиз унааңызды камсыздандырдыңызбы? 6 күн гана убакыт калды

Banks.kg порталы полисти Кыргызстандагы камсыздандыруу компанияларынын кеңселеринде же бир катар банктардын мобилдик тиркемелеринде аралыктан алууга болорун эске салат.
ОСАГО полисин онлайн режиминде Кыргызстандын бир катар банктарынан ала аласыз, алардын катарында: Mbank, «Бакай Банк» жана «Компаньон Банкы» бар. Камсыздандыруу 10 мүнөттөн ашпаган убактытты талап кылат.
Мындан тышкары, ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» бишкектеги кеңсеси 24-июндан тарта жогоруда аталган полис боюнча жарандарды күнү-түнү кабыл алат. Кеңсе: Москва көчөсү 71 дарегинде жайгашкан.
Кеңсеге каалаган убакта, анын ичинде ишемби, жекшемби жана түндө дагы кайрылса болот.
Эске салсак, Кыргызстанда ОСАГО полисин киргизүү бир канча жолу артка жылдырылып келген.
Маалымат үчүн:
ОСАГО – бул автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы. Анын артыкчылыгы - кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы келтирилген зыяндын ордун үчүнчү жактарга төлөп бергендигинде.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.