Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 99.04 / 100.04
Курс RUB 1.053 / 1.086
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
99.04 / 100.04
RUB RUB
1.053 / 1.086
KZT KZT
0.116 / 0.188

Улуттук Банктын төрагасы ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жыйынына катышты

21-апрелден 25-апрелге чейин КРнын төрагасы Мелис Тургунбаев АКШнын Вашингтон шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйынына катышты.
Улуттук Банктын төрагасы ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жыйынына катышты

Бул тууралуу 28-апрелде Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйынынын аянтында Улуттук банктын делегациясынын ЭВФтин, чет өлкө банктарынын жана финансы институттарынын өкүлдөрү менен өз ара кызматташуу, анын ичинде монетардык саясат жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү. 

«Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия региондорунун борбордук банктарынын башкаруучулары үчүн ЭВФ тарабынан уюштурулган бир катар иш-чараларга катышты. Бул жолугушууларда дүйнөлүк экономикада уланып жаткан жана жаңы болуп жаткан чакырыктар, ЭВФке мүчө мамлекеттердин экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу чаралары талкууланды», - деп жазылат маалыматта. 

Кыргызстандын жазгы жолугушууга катышуусунун натыйжасында 389,31 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган. Бул каражат аймактарда саламаттыкты сактоо, суу менен камсыздоо, энергетика, кичи жана орто бизнести колдоо, жашыл каржылоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.Эске салсак, 2024-жылдын 15-апрелинен 20-апрелине чейин КРнын Улуттук банкынын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жазгы жолугушуусуна катышкан.

2023-жылдын жазында КРнын Улуттук банкынын делегациясы да Вашингтондо өткөн жазгы жолугушууга катышып, анда финансы институттарынын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөн.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.