Өлкөнүн бир катар банктары акча каражатын жиберүүдөн мурун акчанын келип чыгышын тастыктаган документтерди көрсөтүү керектигин дароо эскертишти.
«Бакай Банк»
Орус рублин Кыргызстандан Орусияга төмөнкүлөр аркылуу которууга мүмкүн:
- «BakAi» мобилдик тиркемесиндеги «Mobile Wallet» аркылуу орус банк картасына - 1 млн рубль - комиссиясыз;
- Орус рублин которууда «Золотая Корона» системасы аркылуу комиссия которулган сумманын 1%нан 3%га чейин.
«Бай Түшүм» Банкы
Банктан билдиришкендей, Кыргызстандан Орусияга рубль которуу төмөнкү системалар аркылуу ишке ашат:
- «Юнистрим» - которуунун максималдуу суммасы - 900 миң рубль, комиссия которуудагы акчанын 0,95%ын түзөт;
- «Золотая Корона» - 1 млн рубль которууда комиссия 0,95%ды түзөт.
«Азия Банкы»
Банктан кабарлагандай, акчаны учурдагы эсептен учурдагы эсепке которууга мүмкүн. Которуу акысы 0,10%ды түзүп, минималдуу төлөм - 1 миң 100 сом, эң көп дегенде - 2 миң 500 сом болот.
«Компаньон Банкы»
«Компаньон Банкынан» акча каражатын которуу банктын бөлүмдөрүнөн «Золотая Корона» системасы аркылуу ишке ашырат. Комиссияны кассадан айтышат.
«Дос-Кредобанк»
- «Western Union», «Sendy» жана «KWIKPAY» акча которуу системалары аркылуу жөнөтүү мүмкүн - комиссияны система өзү эсептейт. Акча каражатын которуу үчүн Банк кеңселерине баруу керек;
- Учурдагы эсептен, учурдагы эсепке которуу мүмкүнчүлүгү бар. Алым 0,50%дан баштап, которуу суммасына жараша алынат.
«Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы»
Банктан «Золотая Корона», «Астрасенд» жана «Ria Money Transfer» акча которуу системалары аркылуу акча которууга болорун билдиришти. Которуу акысын бир гана кассадан билүүгө мүмкүн.
«Оптима Банк»
Банктан «Золотая Корона» жана «Астрасенд» системалары аркылуу акча которуу мүмкүн, бирок комиссияны акча которуп жаткан маалда эсептешет.
O!Bank
Орусияга рубль которуунун 4 жолу бар:
- «Золотая Корона», «Астрасенд» жана Western Union системалары аркылуу - акча которуу акысын кардар которуп жаткан учурда гана билет;
- Ошондой эле акчаны SWIFT системасы аркылуу да которууга болот. Комиссия сумманын 0,10%ын түзөт.
«ФинансКредитБанк»
Кыргызстандан Орусияга рубль жөнөтүү төмөнкү системалар аркылуу жүзөгө ашат:
- «Золотая Корона» - комиссия которуу сумаасынан 0,90%ды түзөт, акча паспорттун реквизиттеринин негизинде алуучуга которулат;
- «Юнистрим» - акчаны орус банк картасына которууга мүмкүн, комиссия которулган сумманын 0,95%ын түзөт.
«ФИНКА Банк»
Орусияга акча жөнөтүү 2 жол менен ишке ашат:
- «Золотая Корона» системасы аркылуу, комиссияны эсептөө кассадан акчаны жиберип жатканда айтылат;
- SWIFT системасф аркылуу - которуу суммасынын 0,10%ын түзөт.
Capital Bank жана «Керемет Банк» санкцияга кабылганына байланыштуу, мындай акча которуулар убактылуу токтотулган. Ал эми «Айыл Банк», «Элдик Банк», DemirBank жана «Коммерциялык Банк КСБ» байланышуу мүмкүн болгон жок.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын банктарында атайын бирдиктүү тариф жок. Көпчүлүк финансылык уюмдар комиссияны акчаны жөнөтүп жаткан учурда гана эсептешет, бул жөнөтүүчү үчүн күтүлбөгөн «сюрприз» болушу мүмкүн.
Буга чейин Banks.kg порталы Кыргызстандагы банктардын байланыш номерлерин чогулткан. Суроолор пайда болсо, толук маалымат алуу үчүн банктардын колл-борборлоруна кайрылууга болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.