Басып чыгаруудан майдалагычка чейин: Кыргыз сому кантип жашап, кантип жарактан чыгат?

- Жаңы банкноттордун кийинки чыгарылышын жүгүртүү качанкыга пландалууда? Жакынкы жылдары юбилейлик же жаңыланган түрлөрүн чыгаруу пландары барбы?
- Интерполдун сунуштарынын жана эл аралык практиканын негизинде, жасалма акча жасоонун алдын алуу үчүн банкноттордун сериясын 7-10 жылда бир жаңылап туруу ылайыктуу болуп саналат.
Улуттук валютанын жаңы, бешинчи сериясындагы банкноттор 2023-2024-жылдары жүгүртүүгө киргизилген. Буга байланыштуу жакынкы жылдарда улуттук валютадагы банкнотторду жаңылоо планда жок.
- Банкнотторду басып чыгаруу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатабы же зарылчылыкка жараша болобу?
- Улуттук банк экономиканын улуттук валютага болгон муктаждыгын болжолдойт жана аларды чыгарууну камсыз кылат. Зарылчылыкка жана акча жүгүртүүгө жараша чыгарылат.
- Улуттук банк эскилиги жеткен банкнотторду алмаштыруу үчүн канча жолу жүгүртүүгө чыгарат?
- Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, Улуттук банк зарыл болгон учурда накталай акчага күн сайын эмиссия жүргүзүп турат.
- Учурда Улуттук банк үчүн бир банкнотту басып чыгаруу канча турат? Номиналга жараша нарк баасында айырма барбы?
- Улуттук валютадагы банкнотторду чыгарууга кеткен чыгымдар жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана андай маалыматты таратууга болбойт. Улуттук валютадагы банкнотторду чыгаруунун баасы алардын номиналдык наркынан ашпайт.
Эске салсак, март айында КРнын президенти Садыр Жапаров «Учкун» ААКсында болуп, кыргыз сомун басып чыгаруу процесси менен таанышкан. Буга чейин улуттук валюта Англияда басылып келген. Кыргызстандын валютасынын жаралуу тарыхы, дизайны жана өнүгүү этаптары тууралуу биздин порталдагы материалдан окуңуз.
- Жүгүртүүдөгү бир банкноттун орточо өмүрү канча? Ар башка номиналдардын кызмат мөөнөтү бири-биринен айырмаланабы?
- Банкноттор жүгүртүүдөгү колдонуу мөөнөтү мүмкүн болушунча узун боло тургандай кылып чыгарылат. Бирок банкноттордун «жашоо узактыгы» көбүнчө номиналынан, климаттык шарттардан, акча менен иштөө маданиятынан жана тиешелүү инфраструктуранын өнүгүшүнөн көз каранды болот.
Калк жогорку номиналдагы банкнотторду төмөнкү номиналдагы банкнотторго караганда алда канча кылдаттык менен иштетет жана ошого жараша жогорку номиналдагы банкноттордун колдонуу мөөнөтү төмөн номиналдагы банкноттордун колдонуу мөөнөтүнөн бир нече эсе көп болот.
- Улуттук банк эскилиги жеткен банкнотторду канча жолу утилизация кылат? Бул иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлөбү же жүгүртүүдөгү накталай акчанын абалына мониторингдин жыйынтыгына жараша болобу?
- Эски акчаларды жок кылуунун эки жолу бар:
Онлайн жок кылуу Улуттук банктын Борбордук кассасына коммерциялык банктардан келип түшкөн накталай акчаларды (банноттордун таңгактарын) иштетүүдө жүргүзүлөт. Заманбап кассалык жабдуулар накталай акчаларды жүгүртүүгө жарактуу жана эскиргендерин тандап, реалдуу убакыт режиминде жок кылганга бөлөт.
Ошондой эле КРнын аймактарынан алынып келинген эскирген акчанын көлөмү топтолгон сайын атайын майдалагыч жабдууларда ишке ашырган оффлайн жок кылуу түрү да бар.
- Банкнотторду чыгарууда анын сапатын көзөмөлдөө кайсы ведомствага же бөлүмгө жүктөлөт? Басып чыгаруунун сапатын баалоого эл аралык өнөктөштөр же аудиторлор тартылабы?
- Улуттук валютадагы банкноттор эл аралык стандарттарга ылайык чыгарылат. Өндүрүлгөн банкноттордун сапаты банкнотторду жасоонун ар бир этабында текшерилет жана башкалардын катарында банкнотторду жана ар кандай категориядагы коргоо элементтерин текшерүүнү камтыйт. Атап айтканда, ар кандай физикалык жана химиялык таасирлерге: тытылышына, сүрүлүүгө, майдаланууга, ийилүүгө жана башкаларга, мисалы, кир жуугуч порошоктун, ацетондун, самындын, ар кандай температурадагы суулардын, түрдүү кислоталардын таасирине туруктуулугу эске алынат.
Банкноттордун сапатын контролдоо ISO сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык, даярдоочу тарабынан да, Улуттук банк тарабынан да текшерилет. Зарыл болгон учурда сапатты көзөмөлдөө атайын көз карандысыз эл аралык лабораториялар тарабынан да жүргүзүлөт.
- Басып чыгаруу стадиясында табылган жараксыз банкноттор эмне болот? Жараксыз продукцияны ички эсепке алуу жана жок кылуу системасы барбы жана ал кандайча көзөмөлдөнөт?
- Бардык чыгарылган банкноттор реалдуу убакыт режиминде атайын жабдууларды колдонуу менен өндүрүштүн ар бир этабында сапаттык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Техникалык талаптарга жооп бербеген же кандайдыр бир кемчиликтерди камтыган банкноттор табылган учурда, мындай банкноттор өндүрүштүк кемчиликтери бар банкнотторго кирет жана автоматтык түрдө жок кылынат.
Улуттук банк өндүрүлгөн, жүгүртүүгө чыгарылган жана жок кылынган бардык банкноттордун толук эсебин жүргүзөт.
- Жараксыз банкноттор жүгүртүүгө чыгарылып кеткен учурлар болду беле? Мындай окуялардын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?
- Ар кандай массалык өндүрүштөй эле, банкнотторду чыгарууда да өндүрүштүк кемчиликтер болушу мүмкүн. Бул өтө сейрек кездешет, бирок кездешет. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын банкноттору менен монеталарын алмаштыруу эрежелери жана төлөөгө жөндөмдүүлүктүн белгилери жөнүндө жобого ылайык, өндүрүштүк кемчиликтери бар банкноттор алмаштырылууга жатат.
Жүгүртүүдөгү өндүрүштүк кемчиликтерди камтыган банкноттордун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жоюу үчүн 2022-жылдан баштап бардык даярдалган банкноттордун сапаты барактан-баракчага (ар бир документтин барагы, бети) текшерилет.
- Жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.