Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.51 / 99.51
Курс RUB 1.077 / 1.110
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.51 / 99.51
RUB RUB
1.077 / 1.110
KZT KZT
0.117 / 0.187

Насаатчылык «Бизнестеги айымдарды» кандайча жаңы жеңиштерге шыктандырат

Айымдардын ишкердигин колдоо боюнча ЕРӨБдүн насаатчылык программасынын 2024-2025-жылдагы жыйынтыгы чыгарылды.
Насаатчылык «Бизнестеги айымдарды» кандайча жаңы жеңиштерге шыктандырат

Өлкөдөгү экономикалык өсүштү жогорулатууга жана аялдардын ишкердигин бекемдөөгө багытталган Кыргызстандагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасынын кезектеги этабы жыйынтыкталды.

2024-2025-жылдар аралыгында сезонду өндүрүш, медицина, билим берүү, соода, туризм жана санариптик технологиялар тармагындагы бизнес жүргүзгөн 38 ишкер айым ийгиликтүү аяктады. Жети ай бою алар Кыргызстандын, Европанын, Азиянын жана Африканын тажрыйбалуу насаатчылары менен иштешип, өздөрүнүн бизнес жөндөмдөрүн жана оперативдик көрсөткүчтөрүн жогорулатышты. 

Программанын курамына ошондой эле онлайн жана оффлайн тренингдер, кросс-насаатчылык сессиялар, өндүрүш ишканаларына экскурсиялар, эртең мененки бизнес тамактануулар жана мониторингдик саякаттар кирди. Мисалы, ишканаларга баруу катышуучуларга башка ишкерлердин бизнеси менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашууга жана өнүмдөр же кызматтар боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү. Быйылкы сезондо жалпысынан 75 иш-чара өткөрүлгөн.

«Биз республиканын бардык аймактарын камтыган бул программанын кезектеги этабы ийгиликтүү аяктап жаткандыгына биз кубанычтабыз. Ал башталгандан бери 300гө жакын тажрыйбалуу насаатчы жана абройлуу лидер-айымдар программага тартылган. Катышуучулар үчүн окуу материалдары, тажрыйбалык тренингдерге жана эл аралык экспертизага мүмкүнчүлүк берилип, алардын ишканаларынын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлдү», - деп белгиледи КРгы ЕРӨБдүн «Чакан бизнеске кеңеш» программасынын жетектөөчү менеджери Бакай Жунушов.

Сезондун жыйынтыгында насаатчы-шакирттен турган эки жуп өзгөчө деп тандалып, алар: мектепке чейинки билим берүү тармагынан Карина Меринович жана Майрам Төрөбекова менен тамак-аш өндүрүшүндө өздөрүнүн бренддерин өнүктүрүп жаткан Зухра Бабаджанова жана Элиза Чойбековалар болушту.

«Насаатчынын кеп-кеңешинин натыйжасында биз команданы бекемдеп, кошумча кызматтарды киргизип, кардарлардын базасын кеңейте алдык. Жеке мүмкүнчүлүктөргө ишеним пайда болуп, масштабдан коркуу сезими жоголду. Быйыл биз бала бакча үчүн имарат сатып алдык жана бул алдыга жасалган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат», - дейт «Умка Kids» мектепке чейинки мекемесинин негиздөөчүсү Майрам Төрөбекова.

Программанын жети айынын жыйынтыгы боюнча:

  • Катышуучулардын 60% жаңы рынокко чыкты;
  • 66% продукциянын ассортиментин кеңейтти;
  • Сатуунун көлөмүн 77%га көбөйттү;
  • 66% рентабелдүүлүктү жогорулатуу;
  • бизнес процесстерди автоматташтыруу 60% жакшырды;
  • 94% ички тартипти иштеп чыгышты;
  • 34% инновацияларды жайылтты;
  • 86% өздүк брендди таануу жогорулагандыгын билдирди;
  • 29% кошумча каржылоону тартты;
  • 100% жеке өсүш байкалды;
  • 83% эмгек акы фонду көбөйдү;
  • 69% кызматкерлердин потенциалы жогорулады.

Сезон ичинде жалпысынан 90 ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү.

«Бизнестеги айымдар» насаатчылык программасы Кыргызстанда 2019-жылдан бери Ишкер аялдарды каржылоо демилгесинин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБ Чакан бизнеске таасир берүү фонду аркылуу ишке ашырылып келет

Фото: ТАГС

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.