Жыл башынан бери «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу боюнча 178,9 миллион сом төлөндү

Жалпы сумма 178 миллион 940 миң сомду түзгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Салыштыруу үчүн өткөн жылдын ушул мезгилинде 48 534 бала 194,96 миллион сом суммасында төлөм алган. Айырма 16,06 млн сомду түзөт
Жөлөк пулдун көлөмү:
- ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм - 4 000 сомду түзөт.
- үч жана андан көп бала бир убакта төрөлгөн учурда ар бир балага - 50 000 сомдон төлөнөт.
Төлөмдү кантип каттатуу керек:
- Бир жолку төлөмдү тариздөө үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек.
- Бир жолку сумма үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде берилиши керек.
Каражаттар арыз берилгенден кийин 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке салынат. Акча каражаттарын «Элдик Банка» жана «Айыл Банктын» каалаган филиалынын кассасы аркылуу кайрылган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен алууга болот.
Маанилүү: Арызды толтурууда мобилдик телефондун туура номерин көрсөтүүнү унутпоо зарыл, анткени акча которулгандан кийин банк аркылуу байланыш номерлерине СМС-билдирүү жөнөтүлөт.
«Балага Сүйүнчү» программасы наристелүү болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча социалдык функциясын аткарууну улантууда.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.