Курс USD 88.64 / 89.48
Курс EUR 94.74 / 95.71
Курс RUB 0.950 / 0.975
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.48
EUR EUR
94.74 / 95.71
RUB RUB
0.950 / 0.975
KZT KZT
0.137 / 0.206

Телефон алдамчылар кыргызстандыктардан 43 млн сом уурдашты. Топтогон акчаӊды кантип коргоо керек?

Кыргызстанда акыркы мезгилде кибер кылмыштуулук учурлары көп катталууда. Шылуундар ишенчээк жарандардын акчасын алдап алыш үчүн жаӊы маалыматтык технологияларды колдонуп жатат.
Телефон алдамчылар кыргызстандыктардан 43 млн сом уурдашты. Топтогон акчаӊды кантип коргоо керек?

Бул тууралуу ТАГС байланыш бюросу билдирди.

Бишкекте өткөн «Кибермейкиндикте транс улуттук кылмыштуулук менен күрөшүү: актуалдуу көйгөйлөр жана практикалык бирге аракеттенүү механизмдери» тегерек стол жыйынында кибер чабуулдардын эӊ кеӊири таралган түрлөрү, аларга каршы туруу методдору жана кибер коопсуздукту камсыздоо жөнүндө сөз болду.

Банктык эсептерде жана карталардагы акча каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу, жарандар каржысын ишенип берген финансылык мекеменин башкы милдети. Муну өз милдети гана эмес, башкы миссия катары эсептеген «Бакай Банк» ААК, КР ички иштер министрлигинин колдоосунда кибер коопсуздук маселелерин талкуулоо жана санариптик маалыматты сырткы коркунучтардан коргоону күчөтүү үчүн эксперттик аянтча түздү. Мүмкүн болгон чечимдерди талкуулоого профилдик ведомстволордун, коммерциялык банктардын жана уюлдук байланыш операторлорунун өкүлдөрү катышты

«Кардарлардын коопсуздугу жана купуялыгы жөнүндө биздин камкордук дайыма биринчи орунда турат. Биз аларга мыкты финансылык кызматтарды көрсөтүүгө гана эмес, кибер мейкиндиктеги коркунучтардан коргоо үчүн болгон аракетибизди кылууга жана алдамчылардан сактоого умтулабыз. Андыктан бүгүнкү иш-чара биздин санариптик дүйнөдөгү коопсуздукту жакшыртууга умтулуубуздун бир бөлүгү болуп саналат. Биз алдыӊкы эксперттерди жана мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрүн ушул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун бирге издөө жана алдамчылык менен күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн чакырдык. Биздин талкуу жемиштүү болот жана финансылык чөйрөнү бардыгы үчүн коопсуз кылууга жардам кылат деп үмүттөнөбүз», - деп «Бакай Банктын» Маркетин департаментинин директору Айдай Мокушева белгиледи.

ИИМ КИББ кибер кылмыштуулук боюнча бөлүм башчысы Руслан Шаршенбиев белгилегендей, күн сайын глобалдык тармакка кошулган жабдуулардын саны өсүп, бул кибер кылмышкерлерге кылмыш ишмердик чөйрөсүн кеӊейтүүгө жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүндүк берип жатат. Анын айтымында, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштардын саны акыркы жылдары бир нече эсеге көбөйдү жана өсүү тенденциясы байкалууда. Анын ичинде эӊ көп таралган схемалар: электрондук почтаны колдонуп алдамчылык кылуу, санариптик инсан маалыматын уурдоо, төлөм карталардын жана башка финансылык маалыматтарды уурдоо, корпоративдик маалыматтарды уурдоо жана кайра сатуу, кибер опузалоо бар.

«Биздин өлкөдө жасалган кибер кылмыштардын негизги бөлүгүн алдамчылык, финансы пирамидасын уюштуруу жана кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзүү түзөт. Ошондой эле акыркы мезгилде болуп жаткан телефон алдамчылыгына көӊүл бургум келет, жарандарга белгисиз адамдар алардын туугандары же ички иштер органдарынын, медицина мекемесинин, сактоо кызматтарынын өкүлү катары чалып, жакындары жол кырсыгына туш болгонун айтышкан. Андан соӊ курьер аркылуу акча жөнөтүүнү же картага салууну сурашкан. Бишкек шаарында эле 16-февралдан тартып милицияга 1030 кайрылуу түштү. Алдамчылардан 77 киши жабыркады. Жалпы чыгым 43 миллион сомдон ашты», - деген Руслан Шаршенбиев ыкчам аракеттер менен алдамчылардын мыйзамсыз иштеринен жабыркаган адамдардын санын азайтууга мүмкүн болгонун кошумчалады.

Эксперттердин пикири боюнча, колдонуучулардын ыктымал коркунучтар жана коргонуу ыкмалары жөнүндө төмөн маалымдуулугу кибер коопсуздук жаатындагы көйгөйлөрдүн бири. Көпчүлүгү жеке маалыматтарды коргоо үчүн кандай сактануу чараларын көрүү керектигин билбейт (мисалы чоочун адамдарга банк карталардын купуя коддорун бербөө, шектүү шилтмелерге өтпөө) жана натыйжада алдамчылар үчүн оӊой олжо болуп калышат.

Иш-чаранын катышуучулары кибер кылмыштар менен натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык жана бардык кызыктар жактардын өз ара аракеттенүү координациясын жакшыртууну, ошондой эле актуалдуу маалыматтар менен активдүү алмашууну, кибер чабуулдарды аныктоо жана алдын алуу боюнча банктардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине тренингдерди өткөрүүнү сунушташты. Мындан тышкары, калкка ыктымал коркунучтар жөнүндө чоӊ маалыматтык кампаниялар аркылуу маалымдоо да абдан маанилүү, анткени кабарлар болгон коом – кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү биринчи маанилүү звено болуп саналат.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча, кибер алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча бир катар практикалык аракеттер камтылган план иштелип чыкты. Тегерек столдун катышуучулары учурдагы коркунучтарга жана тобокелдиктерге мамлекеттин жана жеке сектордун биргелешкен аракети менен гана каршы турууга болот деген жыйынтык чыгарышты.