Курс USD 88.30 / 89.17
Курс EUR 94.83 / 95.82
Курс RUB 0.954 / 0.977
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.30 / 89.17
EUR EUR
94.83 / 95.82
RUB RUB
0.954 / 0.977
KZT KZT
0.137 / 0.206

Кагазсыз келишим - Кыргызстанда онлайн-депозит боюнча эмнелерди билүү маанилүү?

Кыргызстандагы банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу депозитти онлайн ачуу канчалык коопсуз жана виртуалдык келишимге ишенсе болобу?
Кагазсыз келишим - Кыргызстанда онлайн-депозит боюнча эмнелерди билүү маанилүү?

Бул суроонун тегерегинде Banks.kg порталы ата мекендик коммерциялык банктар менен маектешти. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы көпчүлүк банктар кардарларына депозитти онлайн ачууну сунушташат.  

Ишенимдин кепилдиги эмнеде?

Кагаз менен келишим түзүүдө бир нуска аманатчыда калат, ал эми онлайн-форматта кардардын эсеби гана бар, ага эсеп тууралуу онлайн күбөлүк тиркелет. Бул учурда депозиттик эсеп ачылганын кантип далдилдөө керек.  

Бул суроого биринчи санариптик банк - MBANK"тын адиси кооптонууга негиз жок экендигин билдирди.   

"Депозитти ачууда кардар алгач сунуш менен таанышат, андан соң ага ырастоо коду келет, андан кийин гана эсеп ачылат", - деп билдиришти банктан.

- Депозиттин шарттарын онлайн кантип текшерсе болот?  

- Депозитти ачууда анын шарттары MBANK"та көрсөтүлөт.  Ал эми учурдагы депозиттер боюнча маалыматтарды тиркемеде онлайн көрүүгө болот.

Депозитти жабууда маалыматтар архивте сакталат. 

- Кардар буга чейин жабылган депозиттин шарттары тууралуу кантип билсе болот?

- Эгерде кардар депозит боюнча эски келишимди текшерүүнү кааласа, банкка келсе болот. Банктын кызматкерлери кардар сураган бардык документтердин тизмесин берет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жабылган депозиттердин архив документтерин онлайн кароо мүмкүн эмес (банктын кеңсесинен гана көрүүгө болот).   

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сегиз банк депозитти мобилдик тиркеме аркылуу онлайн ачуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Кайсы банктарда онлайн-депозит ачса болот?  

  • ААК "MBANK";
  • ААК "Оптима Банк";
  • ААК "Бакай Банк";
  • ЖАК "Банк Компаньон"; 
  • ААК "Айыл Банк";
  • ЖАК "ФИНКА Банк";
  • ААК "РСК Банк";
  • ААК "Керемет Банк".

Кыргызстандагы депозиттердин валютасы

Биздин өлкөнүн коммерциялык банктары депозиттерди ар кандай мөөнөттөргө, ошондой эле бир нече валюталардын кеңири спектрин сунуштайт.

Пайыздык чендердин эң пайдалуусу бул - улуттук валюта сом болуп саналат. Муну менен катар Кыргызстандын банктарында орус рубли, АКШ доллары жана евро менен депозиттер бар, бирок алардын пайыздык чендери бир топ төмөн.

Кыргызстандагы депозиттер боюнча пайыздык чендер

Чет элдик валютадагы депозиттер боюнча орточо пайыздык чендер:

Мисалы, орус рубли менен 12 айга депозит ачуу жылдык пайыздык чен депозиттин суммасынын 2% дан 10% га чейин.

АКШ долларында 12 айлык жылдык чен 1%дан 3%га чейин.

Кыргызстандын үч банкында гана евро менен депозит ачса   болот, анын жылдык пайыздык чени 12 айга депозиттин суммасынын 0,5%дан 1%га чейин.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында "балдар үчүн депозиттер" да каралган. Ал тууралуу Banks.kg башка материалда адистердин түшүндүрүүсү аркылуу баяндап берген.

Депозит ачууда дагы эмнелерди эске алуу керек? 

  • Пайыздык чен: Жогорку депозиттик пайыздык чен сиздин аманаттарды көбөйтүүгө жардам берет. Тобокелдиктин жана пайданын эң жакшы балансын табуу үчүн ар кандай банктардын сунуштарын салыштырыңыз.
  • Депозиттин мөөнөтү: Кээ бир депозиттер ар кандай убакыттарды  сунуштайт. Финансылык максаттарыңызга эң туура келген мөөнөттү тандаңыз. Кыска мөөнөт каражатыңызга тез жетүүнү камсыздайт, ал эми узак мөөнөт жогорку пайыздык чендерди сунуштайт.
  • Каражатты эрте чыгарып алуу шарттары: Сиздин депозитиңизден акча каражаттарын эрте алуу мүмкүнчүлүгү жана бул үчүн мүмкүн болуучу айыптар тууралуу билип алыңыз.
  • Банктын финансылык туруктуулугу: Депозит үчүн банкты тандоодо анын финансылык туруктуу жана ишенимдүү экендигине ынануу керек.
  • Салыктык кесепеттер: Депозиттин салыктык кесепеттерин эске алып, каржыңызды пландаштырууда ошондой эле салык үчүн документтерди толтурууда пайыздарды эске алыңыз. 
  • Диверсификация: Жалпы тобокелдикти азайтуу үчүн инвестициянын ар кандай түрлөрүн карап көрүңүз.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, кепилдик учур келип чыккан маалда КРнын депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан компенсация берилет (1 миллион сомго чейинки суммадагы бардык кардарлардын депозиттери).

1034
2024-03-20T09:26:43+06:00