Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Өсүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык топторуна таасирин тийгизген:
- калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдө баалардын эң чоң өсүшү 8,9%ды түзгөн.
- азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баалары - 7,4%га;
- алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 6,7%га;
- ал эми азык-түлүк эмес товарларга - 5,6%га өскөн.
Аймактык динамика
Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.
Мисалы, Ош шаарында эң чоң өсүш 9 пайыз, негизинен алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын бааларынын 12,1 пайызга өсүшүнө байланыштуу катталган.
Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын эң чоң өсүшү Чүй облусунда (10,5 пайыз), азык-түлүк эмес товарларга Баткен облусунда (8,1 пайыз) жана кызмат көрсөтүүлөрдө 10,4 пайызга өсүш болгон.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.