Курс USD 87.07 / 87.57
Курс EUR 100.64 / 101.64
Курс RUB 1.100 / 1.128
Курс KZT 0.139 / 0.182
USD USD
87.07 / 87.57
EUR EUR
100.64 / 101.64
RUB RUB
1.100 / 1.128
KZT KZT
0.139 / 0.182

Криптоиндустрияны өнүктүрүү — Кыргызстандын делегациясынын ПЭЭФ-2025 алкагындагы демилгелери

XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форуму Нева боюндагы шаарда 18–21-июнь күндөрү өтөт. Салтка айлангандай, аталган программа дүйнөлүк экономиканын, социалдык маселелердин жана технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарына арналган. Кыргызстан делегациясы бул форумга активдүү катышууда.
Криптоиндустрияны өнүктүрүү — Кыргызстандын  делегациясынын ПЭЭФ-2025 алкагындагы демилгелери

Дүйнөлүк экономика жана бизнес тармагындагы уникалдуу эл аралык, жыл сайын өтүүчү бул иш-чара Россиянын Санкт-Петербург шаарында, президент Владимир Путиндин катышуусунда өтүп жатат. Форум дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген ишкерлерди, өкмөт башчыларын жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин чогултат.

Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Россия — Кыргызстан» бизнес-диалогу өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Марат Пирназаров «Кыргыз Республикасы — Борбор Азиядагы келечектүү каржылык хаб» аталышындагы темада баяндама жасады.

Пирназаров Кыргызстандын финансылык системасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык көз карашты сунуштап, экономикалык өсүштүн туруктуу темптерин белгиледи. 2024-жылдын жыйынтыгында ИДПнын өсүшү 9%ды түзүп, экспорт 13%га жогорулады, ал эми түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 872,6 млн долларга жетти. 2025-жылдын биринчи 4 айында ИДП өсүшү 12,3%га чейин тездеди.

Ал негизги демилгелерди жарыялады:

  • Coin Nomad Exchange улуттук криптобиржасын ишке киргизүү;
  • алтын резервдери менен камсыздалган USDKG стейблкойнунун чыгарылышы;
  • улуттук санарип CBDC валютасын иштеп чыгуу.

Кыргызстан Web3 стратегиясынын алкагында блокчейн демилгелерин өнүктүрүүгө багытталган ченемдик чөйрөнү түзүүгө активдүү катышууда.

Финкөзөмөл кызматынын төрагасы  виртуалдык активдер менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуу чараларын сунуштады, анын ичинде лицензия талаптары, жарнама көзөмөлү, AML (акчаны адалдаштырууга каршы аракеттер), KYC (кардарды таануу процедурасы), ошондой эле отчёттуулук жана аудит. Республика боюнча 178 виртуалдык активдер менен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн лицензиясы берилген, ал эми виртуалдык активдер менен болгон операциялардын жалпы айланмасы 587 млрд сомдон ашты.

Петербург форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Саха Республикасынын башчысы Айсен Николаев менен жолугушту. Амангельдиев кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында региондор аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.

Кыргызстанда Якутия үчүн айыл чарба продукцияларын даярдоого арналган соода-логистикалык борбор же сатып алуу базасын куруу мүмкүнчүлүгү каралды. 

Тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Саха Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюуга даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле, Данияр Амангельдиев ПЭЭФ-2025тин алкагында өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, Алюминий Ассоциациясынын төрайымы Ирина Казовская жана «РусАл» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болду. Анда  алюминий тармагын өнүктүрүүнүн келечегине жана Кыргызстан менен Алюминий Ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.  

Ошондой эле минкабдын биринчи төрагасынын орун басары «Росхим» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү, анда талкуунун негизги темасы «Росхимдин» Кыргызстандын аймагында химиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу келечеги болду. 

Эске салсак, Banks.kg порталы ПЭЭФ - 2022, ПЭЭФ-2023 жана ПЭЭФ - 2024 иш-чараларын кенен чагылдырган. 

Башкы сүрөт: «Россконгресс»

Сүрөт: КРнын Минкабы жан КРнын Финкөзөмөлү 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.