Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Бишкекте ислам каржылоо жана капитал рыногу боюнча эл аралык форум өттү

Кыргызстанда ислам каржылоо банк кызматтарынан ашып жаңы баскычка өтүүдө. Мындан аркы негизги милдет - инвестицияларды, камсыздандырууну жана капитал рыногун бирдиктүү системага бириктирүү болуп саналат.

Бишкекте ислам каржылоо жана капитал рыногу боюнча эл аралык форум өттү

25-июлда Бишкекте мамлекеттик мекемелердин, банк жана камсыздандыруу тармактарынын, фондулук рыноктун, инвестициялык компаниялардын, бизнес өкүлдөрүн ошондой эле эл аралык эксперттерди жана бул тармакка кызыккан жарандарды бириктирген «Исламдык каржы, инвестициялар жана капитал рыногу» аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чараны «Эл аралык Өнөктөштүк Экономикасы жана Каржы Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси (ЮЖБ) СК Bishkek Properties, AIslamic, BAKAI камсыздандыруу, Optima Islamic жана «Кыргызстан Лизинг компаниясы» ЖАКтын (Ижара) колдоосу менен уюштурду.

Форумдун катышуучулары исламдык банкингди, капитал рыногун, исламдык камсыздандырууну (такафул), исламдык баалуу кагаздарды (сукук) чыгарууну, санариптик каржылык чечимдерди жана Кыргызстан экономикасына инвестиция тартууну талкуулашты.

Исламдык каржылоо принциптери (ИКП) - бул шарияттын нормаларына негизделген каржылык мамилелер системасы. Анда пайыз аркылуу киреше табууга жол берилбейт, ал эми каржылоо реалдуу бүтүмдөргө, тобокелдиктерди жана пайданы биргелешип бөлүшүүгө негизделет.

Толук кандуу экосистема талап кылынат 

КРнын Улуттук банкынын исламдык каржы продуктулары бөлүмүнүн башчысы Самара Майташева өлкөдө исламдык каржылоо принциптерин өнүктүрүү 1996-жылы башталганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө 19 финансы-кредиттик уюм ислам принциптеринин негизинде иш алып барат: бир толук кандуу ислам банкы, исламдык терезелери бар алты коммерциялык банк жана микрокаржылоо секторундагы 13 компания», — деди ал.

Ошол эле учурда Майташеванын пикиринде, исламдык каржынын мындан аркы өсүшү толук кандуу экосистема түзүлмөйүн мүмкүн эмес.

«Экосистема банктык продуктулар менен гана чектелбестен, исламдык камсыздандырууну, капитал рыногун, сукук чыгарууну жана квалификациялуу адистерди даярдоону да камтышы керек. Улуттук банк буга чейин эле салттуу банктардагы исламдык терезелердин иштеши үчүн ченемдик базаны түзүп, активдер менен милдеттенмелерди өзүнчө эсепке алууну, ошондой эле шарият кеңештеринин, аудиторлордун жана көзөмөлчүлөрдүн милдеттүү катышуусун камсыздаган», - деп кошумчалады ал.

Финансылык жөнгө салуучу органдын өкүлүнүн айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда исламдык каржылоо принциптеринин өнүгүшүнө тоскоол болгон эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири кадрлардын жетишсиздиги. Бул кардарлар менен иштеген адистерден тартып, шарият боюнча эксперттерге жана аудиторлорго чейин тиешелүү.

Сукук жана фондулук рынок: инвестициялардын жаңы булагы 

Доктор Мухаммад Зияддын маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча жүгүртүүдө турган сукуктун көлөмү дээрлик 1 трлн АКШ долларына жетти жана бул рынок өсүүсүн улантууда. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк инвесторлордун өзгөчө кызыгуусун «жашыл» сукуктар жаратууда. Алардын чыгарылыш көлөмү 2025-жылы 47%га көбөйгөн.

Эксперт Кыргызстанда маанилүү артыкчылыктар бар экенин белгиледи: өлкөдө ислам банкы иштейт, сукук чыгарууну жөнгө салган мыйзамдар күчүндө жана такафул принциптери боюнча иштеген лицензияланган компаниялар пайда болду.

«Кыргызстан үчүн логикалык кадам - бул энергия, курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорго каражат тартууга мүмкүндүк бере турган «жашыл» сукуктарды чыгаруу. Эгер Кыргызстан Борбордук Азияда мамлекеттик сукуктарды чыгарган биринчи өлкө болсо, бул эл аралык инвесторлорго маанилүү белги болмок», - деп билдирди ал.

Исламдык капитал рыногун өнүктүрүүгө инфраструктуранын даярдыгы тууралуу Борбордук депозитарийдин башкы директору Анаркан Ногойбаева билдирди.

«Учурда бардык түрдөгү баалуу кагаздарды, анын ичинде исламдык баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу боюнча программалык чечимдер жаңыланууда. Инфраструктуранын өнүгүшү сукуктарды коопсуз чыгарууга, алардын жүгүртүлүшүнө жана эсептешүүлөргө шарт түзүп, кыргызстандык компаниялардын фондулук рынок аркылуу капитал тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет», - деди ал.

Өз кезегинде Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров исламдык инвестициялар өлкөнүн каржы рыногун өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп жатканын белгиледи.

«Биржанын артыкчылыктуу милдеттеринин катарына исламдык каржы инструменттери үчүн зарыл болгон инфраструктураны жана ченемдик базаны өнүктүрүү, Кыргыз фондулук биржасында «исламдык терезени» түзүү, ошондой эле калктын жана бизнестин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу кирет», - деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө сукук боюнча мыйзамдык база болгонуна карабастан, Кыргызстанда азырынча бир дагы компания Кыргыз фондулук биржасында исламдык принциптерге ылайык өзүнүн баалуу кагаздарын чыгарып, жайгаштыра элек.

Исламдык лизинг — салттуу каржылоого альтернатива

Кыргызстанда он жылдан ашуун убакыттан бери «Кыргызстан Лизинг компаниясы» ЖАК (Ижара) пайыздык моделди колдонбостон, исламдык принциптердин негизинде бизнести каржылоону сунуштап келет. Бул ишкерлерге классикалык насыя албай эле жабдууларын, транспортун жана өндүрүштүк кубаттуулуктарын жаңылоого мүмкүнчүлүк берет.

Ижаранын негизги өзгөчөлүгү каржы уюму мүлктү өзү сатып алып, аны кардарга белгиленген мөөнөткө ижарага берет. Келишим аяктагандан кийин менчик укугу ижарачыга өтөт.

Салттуу камсыздандыруунун ордуна өз ара коргоо 

Форумдун дагы бир маанилүү темасы исламдык камсыздандыруу - такафул болду. Бүгүнкү күндө мындай кызматтар өлкөнүн айрым камсыздандыруу компанияларында жеткиликтүү.

Такафулдун салттуу камсыздандыруудан негизги айырмасы катышуучулар камсыздандыруу кызматын сатып алышпайт, тескерисинче, ыктыярдуу төгүмдөрдүн (табарру) эсебинен өз ара жардам берүү фондун түзүшөт. Камсыздандыруу окуясы болгондо катышуучулардын чыгымдары ушул фонддон жабылат. Мындай модель өз ара жоопкерчиликке, тобокелдиктерди адилеттүү бөлүштүрүүгө негизделип, пайыздан же шарият тыюу салган ишмердүүлүккө инвестиция салуудан киреше алууну жокко чыгарат.

Кыргызстанда такафул үчүн укуктук база көп жылдан бери бар болгону менен, быйыл Министрлер Кабинети исламдык принциптер боюнча камсыздандырууга карата жаңыланган талаптарды бекитти. Бул тармактын заманбап ченемдик базасын калыптандыруудагы маанилүү этап болуп калды.

Форумдун жыйынтыгы 

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстан исламдык каржылоону мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түзгөнү тууралуу бир пикирге келишти. Өлкөдө зарыл болгон ченемдик база бар, ислам банктары жана исламдык терезелер иштеп жатат, такафул кызматтарын сунуштаган компаниялар пайда болууда, ал эми мыйзамдар исламдык баалуу кагаздарды - сукуктарды чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Кийинки этап банк секторун, камсыздандырууну, капитал рыногун жана инвестициялык инструменттерди бириктирген толук кандуу каржылык экосистеманы түзүү болушу керек.

«Биздин Ассоциация үчүн форумду өткөрүү эле эмес, кесипкөй диалог жүргүзүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө шарт түзүү да маанилүү болду. Биз өнөктөштөргө, баяндамачыларга, катышуучуларга жана демөөрчүлөргө көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дал ушундай биргелешкен аракет Кыргызстанда исламдык каржы индустриясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт, ал эми катышуучулардын пикири ар бир кийинки форумду дагы пайдалуу жана мазмундуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деди «Эл аралык Өнөктөштүк Экономикасы жана Каржы Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти Асылбек Молдакматов.

Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.