Бул тууралуу Финансы раногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, Жогорку Кеңеш «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамын үч окууда кабыл алды.
Мыйзамдын максаты финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, көрсөтүлүүчү лизинг кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лизинг компанияларынын иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Мыйзамдын негизги жоболору
Лизинг алуучулардын чөйрөлөрү кеңейди:
Эми мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелерин кошо алганда, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер лизинг алуучу болот алышат. Бул өндүрүштүк кубаттуулуктарды, анын ичинде мамлекеттик секторлорду жаңылоочу курал катары лизингдин механизмдерин колдонуууга керектүү жол ачат.
Мамлекеттик лизинг компанияларын түзүү
Мыйзамда ачык акционердик коом түрүндөгү мамлекеттик лизинг компанияларын түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү каралды. Аны түзүү жөнүндө чечимди министрлер кабинети кабыл алат. Максаты - стратегиялык секторлордо лизинг рыногун өнүктүрүүгө жетишүү болуп саналат.
Юридикалык жактардын каражаттарын тартуу
Кыргызстандын резиденти жана резиденти эмес болуп саналган юридикалык жактардын акча каражаттарын - улуттук же чет өлкөлүк валюталарда тартуу укуктары лизинг компанияларына берилди. Бул лизинг компанияларынын ресурстук базасын кеңейтүү, сектордун туруктуулугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Кайтарма лизингдин жаңыланган аныктамасы
Кайтарма лизинг – бул лизингдин түрү, анда сатуучу бир убакта лизинг алуучу катары ишкердик максаттарда чыга алат, ага жеке ишкерлер, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелери да кайтарма лизингдин катышуучусу боло алат.
Уюштуручуларга болгон чектөөлөр
Лизинг компанияларынын уюштуруучусу оффшордук чөлкөмдөрдө катталган жеке адамдар жана уюмдар, терроризмге, экстремизмге, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана эл аралык санкциялардын тизмесине киргизилген жактар боло албайт.
ККА/ТККА сактоо милдети
Лизинг компаниялары кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККА/ТККА) жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
Бул эл аралык стандарттарга улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө жасалган маанилүү кадам болуп саналат.
Отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун жогорулатуу
Компаниялар бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулуку түзүүнү киргизүүгө, аудитордук корутундуну милдеттүү түрдө берүүгө, тез өтүмдүүлүк жана лизинг портфелинин сапаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ченемдерди сактоого милдеттүү болушат.
Финкөзөмөл бул өз кезегинде ишкердикти, инвестициялык активдүүлүктү өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикасын жаңылоого түрткү берерин баса белгиледи.

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться