Аймактардагы исламдык каржылоо: «Элдик Банк» молдолор менен диалогду кеңейтүүдө

Бул тууралуу «Элдик Банктын» басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда исламдык каржылоонун негизги аспекттери, анын шариаттын принциптерине ылайыктуулугу жана этикалык каржы практикаларынын мааниси талкууланды. Төмөнкү темалар каралды:
• такафул;
• ижара;
• мурабаха.
Кыргызстанда исламдык каржылоого ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ислам продукциялары КРнын Улуттук банкынын жана Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча эл аралык уюмдун (AAOIFI) стандарттарын эске алуу менен иштелип чыккан.
«Элдик Банк» аймактарда исламдык каржы инструменттерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Максат – адилеттүү жана этикалык каржылык кызматтарды ар бир жаран үчүн жеткиликтүү кылуу. Калк менен ачык диалог жүргүзүү, диний лидерлер менен тыгыз кызматташуу жана исламдык банкингдин негиздерин түшүндүрүү — бул ишенимди бекемдөөгө гана эмес, каржылык сабаттуулукту жогорулатууга да өбөлгө болот деп ишенебиз. Мындай ыкма өлкөдө исламдык каржы тутумунун узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүшүнө, ошондой эле социалдык жоопкерчиликтүү ишкердикти колдоого шарт түзөт», - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2025-жылдын март айында III эл аралык «ПЛАС-Форума «Digital Kyrgyzstan - 2025» жүрүшүндө «Элдик Банк» ААКтын ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов «Салттуу банктарда исламдык каржылоону өнүктүрүү» темасында баяндама жасаган.
«РСК Банк» ААКсында (азыркы «Элдик Банк» ААК) ислам терезеси 2022-жылдын август айында ачылган. КРнын Улуттук банкы «РСК Банкка» улуттук валютада жана чет өлкө валютасында «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берген.
Сүрөт: «Элдик Банк»
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.