Кыргызстанда баалардын өсүшү: Бишкекте тамак-аш кымбаттады (статистика)

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы 0,8 пайызды түздү.

Кыргызстанда баалардын өсүшү: Бишкекте тамак-аш кымбаттады (статистика)
Сүрөт: ЖИ

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мында баалардын өсүшү төмөнкүлөрдө жогорулады:  

  • тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар - 1 %га;
  • алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 0,8 %га;
  • азык-түлүк эмес товарларга – 0,5 %га;
  • калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине – 0,7 %га.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында баалардын эң жогорку 1,3 пайыз өсүшү Баткен облусунда катталды, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 2,6 пайызга жогорулаган.  

Ошондой эле тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын 1,4 пайызга жогорулашы Бишкек шаарында катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң жогорку 1,2 пайызга өсүшү Жалал-Абад облусунда катталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.