Курс USD 87.23 / 87.73
Курс EUR 100.45 / 101.45
Курс RUB 1.080 / 1.106
Курс KZT 0.141 / 0.174
USD USD
87.23 / 87.73
EUR EUR
100.45 / 101.45
RUB RUB
1.080 / 1.106
KZT KZT
0.141 / 0.174

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2024-жылга карата отчетун жактырды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин 2024-жылдагы банктын ишмердүүлүгү тууралуу отчету угулду.
Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2024-жылга карата отчетун жактырды

Өз отчетунда Улуттук банктын төрагасы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына токтолду. Анын айтымында, 2024-жылы инфляциянын көрсөткүчү жыл башындагы 7,3%дан 6,3%га чейин түшкөн.

Ошондой эле финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында насыялар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлүп, учурда орто эсеп менен 18%ды түзгөнү айтылды.

Отчетто эл аралык резервдерди башкарууга өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинде өлкөнүн алтын кору 52 тоннаны түзөрү айтылды. Өз кезегинде Мелис Тургунбаев Улуттук банк финансылык рыноктогу кырдаалга тыкыр көз салып, туруктуулукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

Мындан ташкары, Улуттук банк кардарлардын укуктарын коргоп, кайрылууларга өз убагында жооп берүүгө жана санариптик туруктуулукту жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканы кошумчаланды.

Талкуунун жыйынтыгында КРнын Улуттук банкынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчету жактырылды.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.