Бишкекте бош жумуш орундарынын жарманкеси өтүүдө: 60 компаниядан 5 миң сунуш

Иш-чарага ЖАК «Кока-Кола», ААК «Бишкексүт», ЖЧК «Баркад», ЖАК «Мегаком», ЖАК «Скай Мобайл», ЖЧК «Бай Таш Групп», «Элдик Банк», МБАНК, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жана башка 60 ири компаниялар жана уюмдар катышууда. Абитуриенттерге түрдүү тармактар боюнча 5 миңге жакын бош орундар сунушталууда.
Министр өз сөзүндө бул жарманке өлкөнүн активдүү экономикалык өсүү шартында иш менен камсыз кылуу жана кесипкөйлүктү жогорулатуу үчүн маанилүү аянтча болуп калганын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө жумуш издеп, өлкөдөн чыгып кетүүнүн кереги жок: Кыргызстанда туруктуу иш менен камсыз кылуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Бул эффективдүү экономикалык саясаттын жана стратегиялык демилгелердин натыйжасы», - деп баса белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жарманкеде мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү боюнча тесттер, ЖОЖдордун жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн консультациялар, мастер-класстар, оюндар жана викториналар өткөрүлөт. Катышуучулар ошондой эле кыска мөөнөттүү курстарды жана жаштар үчүн практика өтүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышат.
Иш-чарадагы маанилүү окуялардын бири дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин жаштар үчүн мастер-классы өзгөчө болду.
Эмгек министрлиги мындай иш-чаралар жарандардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаштардын кесиптик карьерасында алгачкы кадамдарын таштоого жардам берерин белгиледи.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.