World Savings Day – 2025
Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү - жыл сайын 31-октябрда белгиленүүчү майрам. Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү - 2025 кампаниясы Кыргызстанда 2015-жылдан бери КРнын Улуттук банкы тарабынан мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, коомдук институттар жана финансы институттары менен бирге өткөрүлүп келет.
Кампаниянын катышуучулары тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын максаты - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу, өлкөнүн каржы тармагына болгон ишенимди арттыруу болуп саналат.
Иш-чара «Кыялдар канат байлаганда» чакырыгы менен өткөрүлүп жатат. Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө карата кампанияга төмөнкү финансылык уюмдар катышат:
- КРнын Улуттук банкы;
- КРнын Агартуу министрлиги;
- КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;
- ЕККУнун Программалык кеңсеси;
- «Бай Түшүм» Банкы ААКсы;
- «Банк Компаньон» ЖАК;
- «Дос-Кредобанк» ААК;
- «Capital Bank» ААК;
- «Керемет Банк» ААК;
- «КИКБ» ЖАК;
- «Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК;
- «Мбанк» ААК;
- «Оптима Банк» ААК;
- «ФИНКА Банк» ЖАК;
- «Элдик Банк» ААК;
- «Евразиялык сактык Банкы» ААК;
- «ЭкоИсламикБанк» ЖАК;
- «Айыл Банк» ААК;
- МКК «Байлык Финанс» ЖАК;
- МФК «Салым Финанс» ЖАК;
- МФК «ОКСУС» ЖАК;
- МФК «Элет-Капитал» ЖАК;
- ФК «Сенти» ЖЧК;
- «Кыргызстан» ААК;
- Banks.kg маалыматтык порталы;
- КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
- «Кепилдик фонду» ААК;
- МФК «Алма Кредит» ЖАК;
- «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК;
- ЖИ «Абдыкадырова» .
Banks.kg маалымат порталынын жамааты алты жылдан бери жумалыктын иш-чараларын чагылдырып келет жана Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнүн өнөктөшү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Banks.kg порталында Кыргызстандагы банк өндүрумдөрү тууралуу бир катар материалдар жарыяланат: эң жогорку пайыздык чен менен депозиттер, үстөк пайызы кошулган банктык карталар, пенсионерлер үчүн пайдалуу депозиттер, төмөн пайыздык чен менен керектөө кредиттери жана башка пайдалуу материалдар.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн алдында КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан Бишкек шаарынын улгайган жарандары үчүн аталган күнгө карата иш-чара өткөрүлгөн. Иш-чараны Banks.kg порталынын колдоосу менен Capital Bank жана Агенттик уюштурган.
Анын жүрүшүндө өнөктөш уюмдар ачык эшиктер күндөрүн, нумизматикалык көргөзмөлөрдү, социалдык тармактарда интерактивдүү сынактарды, семинарларды, лекцияларды жана финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, интеллектуалдык суроо-жоопторду, ар кандай оюндарды жана жыйым топтоо маданиятын көтөрүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүшөт.
Иш-чаралардын күндөрү жана даректери боюнча маалымат КРнын Улуттук банкынын сайтында жана «Финсабат» сайтында жайгаштырылат.
Каржылык жарманке
Иш-чаранын соңунда, 31-октябрда саат 10:00дөн 14:00гө чейин каржы А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жарманкеси өткөрүлөт (буга чейин жарманке КРнын Улуттук тарых музейинде өтөөрү маалымдалган).
Анда финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар, интерактивдүү оюндар, сынактар өткөрүлөт. Эң активдүү конокторго жарманкенин өнөктөштөрүнөн байгелер жана фирмалык белектер тапшырылат.
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө 2024-жылы 100 жыл толгон. КРнын Улуттук банкы жана өнөктөш уюмдар жүз иш-чарадан турган масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүшкөн.
Маалымат үчүн:
1924-жылы 31-октябрда Миланда биринчи Эл аралык сактык конгресси өтүп, анда италиялык профессор Филиппо Равизза бул күндү «Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү» (World Savings Day) деп жарыялаган.
Бул күн финансылык коопсуздукка жана көз карандысыздыкка жетүү үчүн үнөмдөө жана үнөмдөө маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн тандалган.
#worldsavingday
#каражаттоптоо2025
