2026-жылдын башынан тартып «Келечек» продуктусунун алкагында «Кепилдик фонд» ААКсы 276,3 млн сом суммасында 214 кепилдик берди. Кепилдик колдоонун аркасында жарандар жалпы суммасы 1,1 млрд сомдон ашкан ипотекалык кредиттерди алышты.
«Келечек» продуктусу ишке киргизилгенден бери жалпысынан 404 млн сомго жакын суммада 319 кепилдик берилип, 1,62 млрд сомдон ашык ипотекалык кредиттерди тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Продуктунун механизми турак жайды ипотекага сатып алуудагы негизги көйгөйлөрдүн бирин - баштапкы төлөм үчүн каражаттын жоктугун чечүүгө мүмкүндүк берет. Карыз алуучунун өздүк каражатынын ордуна зарыл болгон камсыздоону «Кепилдик фонд» ААКсы кепилдик түрүндө берет.
Ошентип, «Келечек» жарандардын өз турак жайын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, баштапкы төлөм үчүн зарыл болгон каражаты жок жарандар үчүн ипотекалык каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.