КФБ «жашыл» сегментти түздү: IFC KICB чыгарган облигацияларды 1,35 млрд сомго сатып алды

Кыргыз фондулук биржа 2025-жылы каржылык туруктуу каржылоонун принциптерин илгерилетүүгө активдүү катышты. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулова билдирди.

КФБ «жашыл» сегментти түздү: IFC KICB чыгарган облигацияларды 1,35 млрд сомго сатып алды
Сүрөт: Интернеттен алынды

Сентябрда KICB тарабынан чыгарылган туруктуу өнүгүү облигациялары жабык жайгаштырылып, аны Эл аралык каржылык корпорация (IFC) сатып алды.

Жалпы көлөмү 1,35 млрд сомду түзүп, 12,5 % чен менен чыгарылды.

Чодулованын айтымында, бул кадам Кыргызстан фондулук рыногунда «жашыл» сегментти түзүүгө маанилүү болду, муну менен инвестиция тартуунун жана экономикалык өсүштүн кубаттуу куралына айландыруу максатын көздөп жатат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.