Кыргызстандык фермер 3% кредит менен асыл тукум уйларды сатып алды
Талас облусунан келген фермер эт багытындагы мал чарбачылыгына басым жасап, өз чарбасын жаңылоону чечкен. Ал алган жеңилдетилген пайыздык насыянын жардамы менен максатын ишке ашыра алды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Рысханбек Орозалиев аттуу фермер абердин-ангус породасындагы 26 баш асыл тукум мал сатып алган. Бул үчүн ал «АБанк» аркылуу жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген шартта 7 миллион сом насыя алган.
Фермер буга чейин ар кандай породалардагы уйларды багып келген, мындан ары ал чарбасын кеңейтүү жана эт багытындагы малдын сапатын жакшыртуу максатын көздөгөн.
Абердин-ангус — эт багытындагы асыл тукум малдын породасы. Аны чарбага киргизүү эт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, малдын сапатын жакшыртууга жана фермердин киреше мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Жеңилдетилген насыялар фермерлерге асыл тукум мал сатып алууга, чарбасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ата мекендик мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.