Кыргызстанда жаңыланган Жер кодекси кабыл алынды: эмне өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жер кодексине кол койду. Аталган кодекс Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Кыргызстанда жаңыланган Жер кодекси кабыл алынды: эмне өзгөрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жаңы Кодексти кабыл алуунун максаты - жер мамилелери жаатындагы мыйзамдык базаны системалаштыруу жана жаңылоо. Документте мамлекет, экономика жана коомдун заманбап керектөөлөрү эске алынган. Учурдагы Жер кодекси шилтемеде жеткиликтүү.

Өзгөртүүлөрдүн негизги багыттары:

  • жер мыйзамдары чөйрөсүндөгү бардык ченемдик укуктук актыларды консолидациялоо;
  • кенемтелерди, коллизияларды жана коррупциялык ченемдерди жоюу;
  • айыл чарба жерлеринин бардык категорияларын жана чарба жерлеринин түрлөрүн пайдалануу чөйрөсүн так чектөө;
  • мамлекеттик ипотекалык насыялоону, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жана улуттук жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
  • жер участокторун алып коюунун, алмаштыруунун негиздүүлүгүн тактоо;
  • жерлерди коргоого жана пайдаланууга контролду күчөтүү;
  • жер комиссияларынын функцияларынын бирдейлиги.

Төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулат:

  • мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди берүүнүн жана трансформациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
  • жашыл экономиканы өнүктүрүү жана кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрүү;
  • темир жол жана анын инфраструктурасын куруу; 
  • шаардык жана айылдык райондордо суу жана жер ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жерлерди берүү;
  • улуттук коопсуздукту камсыз кылуу.