Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдишити.
2-ноябрга карата жаңыланган кызмат ишке киргизилгенден бери жөлөкпул алуу үчүн 3 384 арыз (38%) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилген, ал эми 5 526 арыз (62%) Калкты тейлөө борборлору жана жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдары аркылуу кабыл алынган. Ошентип, арыз ээлеринин үчтөн биринен көбү мамлекеттик мекемелерге жеке барбастан, жөлөкпул алуу үчүн аралыктан арыз берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан.
Жаңы төрөлгөн балдардын жынысы боюнча арыздардын бөлүштүрүлүшү: эркек балдар - 4 548 (51%), кыздар - 4 362 (49%). Мындан тышкары, эгиз төрөлгөн учурлар боюнча 202 арыз, үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурлар боюнча 12 арыз катталган.
Эске салсак, «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулунун өлчөмү ар бир жаңы төрөлгөн балага 4 000 сомду түзөт. Эгиз, үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 000 сом өлчөмүндө жогорулатылган төлөм каралган.
Төлөмдүн жалпы суммасы 36,4 млн сомду түзгөн.
«Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кызматтын ишке киргизилиши мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Эми жарандар арызды өздөрүнө ыңгайлуу убакта аралыктан бере алышат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.