Кыргызстанда орточо айлык акы 40 миң сомдон ашты

Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларына карата орточо айлык 40 миң 264 сомду түздү.

Кыргызстанда орточо айлык акы 40 миң сомдон ашты

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 18,3%га өскөн.

Ошондой эле, ал айлык акынын өсүүсү кыймылсыз мүлк менен алектенгендер, курулуш, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, тойканалар жана кафелер, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу сыяктуу тармактарда катталганын кошумчалады. 

Эске салсак, Кыргызстанда 2025-жылдын январь-февраль айларына карата орто эсеп менен 39 миң 456 сомду түзгөн болчу.