«Банк сектору туруктуу өсүүнү көрсөтүүдө. Депозиттер олуттуу өсүүнү көрсөттү. 2025-жылы депозиттик базанын көлөмү 46,2 пайызга тагыраагы 865,9 млрд сомго жетип, элдин банк тутумуна болгон ишениминин артканын көрсөттү. Депозиттик базанын олуттуу бөлүгүн - сом түрүндөгү депозиттер түзөт», - деп билдирди Азат Козубеков.
Ошону менен катар кредит портфели 48,8 пайызга тагыраагы 507 млрд сомго көбөйгөн.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары КРдеги эл аралык резервдердин көлөмү рекорддук чекке жетип, 10 миллиард АКШ долларга жеткенин кошумчалап, бул көрсөткүчтүн динамикасына алтындын баасынын өзгөрүшү олуттуу таасир тийгизгенин баса белгиледи.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.