Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Кредит берүү төмөнкү багыттар боюнча эң чоң өсүүнү көрсөттү:
- керектөө муктаждыктары - 21,4 миллиард сомго;
- соода - 11,4 миллиард сомго.
1-апрелге карата банктардын жалпы кредиттик портфели бир жыл ичинде 45,1%га өсүп, 539,6 миллиард сомго жетти.
Насыялар эң көп төмөнкү максаттарда алынган:
- керектөө муктаждыктары үчүн — бардык насыялардын 35,8%;
- соода үчүн — 23,4%;
- ипотека үчүн — 10,9%;
- айыл чарбасы үчүн — 9,6%.
Насыялардын басымдуу бөлүгү (82%) сом менен берилген, ал эми узак мөөнөттүү насыялар насыя портфелинин 90,2%ын түзөт.
Аймактар боюнча алганда, бардык банктык насыялардын жарымынан көбү - 55,8%ы Бишкекке туура келет. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад (9,5%) жана Чүй (7,1%) облустары турат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.