Курс USD 87.23 / 87.73
Курс EUR 100.45 / 101.45
Курс RUB 1.080 / 1.106
Курс KZT 0.141 / 0.174
USD USD
87.23 / 87.73
EUR EUR
100.45 / 101.45
RUB RUB
1.080 / 1.106
KZT KZT
0.141 / 0.174

Транспорт салыгы жана ага болгон карыз жоюлду — чечим кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров «Калктын жана ишкердик субъекттердин салык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Транспорт салыгы жана ага болгон карыз жоюлду — чечим кабыл алынды

Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Анын максаты бизнес үчүн дем берүүчү чөйрөнү түзүп, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамда төмөнкүдөй салыктык түйшүгүн азайтуу ченемдери каралган:

  • транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюу;
  • 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөө;
  • уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

– уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүнү;

– КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу менен байланышкан салыктык текшерүүлөрдү;

– салык төлөөчүнүн такталган салык отчетун салык органы тарабынан кабыл алуу менен байланышкан салыктык текшерүүлөрдү;

– салык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган ченемдерге ылайык укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүүнү же кайра текшерүүнү;

  • 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн келип чыккан салык карызын эсептен чыгаруу;
  • милдеттенмелерди аткаруунун жеңилдетилген режимин белгилөө, чегерилген салык санкциясын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу, ошондой эле калдыктын толук суммасын төлөө мөөнөтүнө жараша туумдарды төлөө.   

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.