Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда казино, криптобиржа жана майнинг үчүн талаптар жеңилдетилди

Министрлер кабинети виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары үчүн бир катар лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболорун жеңилдетти.

Кыргызстанда казино, криптобиржа жана майнинг үчүн талаптар жеңилдетилди
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөртүүлөр документтерди нотариалдык күбөлөндүрүүгө коюлган талаптарды кыскартууну карайт. Тиешелүү ченемдер министрлер кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы №556 токтомунда камтылган. Ага кийинчерээк, 2026-жылдын 31-январында жана 10-августунда өзгөртүүлөр киргизилген.

Тактап айтканда, казино, тотализатор же букмекердик кеңсеге лицензия алуу учурунда уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн эми юридикалык жактын өзү күбөлөндүрө алат.

Ушундай эле тартип оюндар жайгашкан имаратка менчик укугун же аны ижарага алуу укугун ырастаган документтерге да каралган.

Онлайн-казино жана электрондук же виртуалдык казино үчүн да уюштуруу документтерин нотариалдык жактан күбөлөндүрбөстөн, юридикалык жактын өзү ырастай алат.

Өзгөртүүлөр виртуалдык активдер рыногуна да тиешелүү болду. Криптобиржа операторлору үчүн айрым талаптардын ичинен документтерди нотариалдык күбөлөндүрүү алынып салынды.

Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлору компаниянын мөөрү жана жетекчинин колу коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн бере алышат.

Майнинг ишмердигин каттоо да жөнөкөйлөтүлдү. Эгер документ бир барактан көп болсо, ага ирээттүүлүк менен номер коюлуп, юридикалык жактын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүшү керек.

Мындан тышкары, майнингди каттоо үчүн документтерди интернет аркылуу электрондук түрдө жөнөтүүгө уруксат берилди. Бул процедураны аралыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Өзгөртүүлөр бюрократиялык жүктү азайтууга жана лицензиялар менен уруксаттарды алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.