Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандагы криптобизнеске жаңы эрежелерди даярдап жатышат

Кыргызстандын крипторыногу кыйла ачык-айкын болушу мүмкүн: бийлик криптобиржа жана акча алмаштыруучу жайларга талаптарды күчөтүүнү сунуштап, аларды коомдук мааниси жогорулаган уюмдарга теңөөдө. Рыноктун катышуучулары үчүн эмне өзгөрөт?

Кыргызстандагы криптобизнеске жаңы эрежелерди даярдап жатышат
Иллюстрациялык сүрөт

Экономика жана коммерция министрлиги аудит тармагындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте бир катар өзгөртүүлөрдү камтыйт:

  • криптовалюталык биржалар, криптовалюта алмаштыруучулар жана лизинг компаниялары жыл сайын аудиттен өтүүгө тийиш болгон уюмдардын тизмесине киргизилет;
  • виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү коомдук кызыкчылык субъектилери катары классификацияланат жана финансылык отчеттуулукту жарыялоого милдеттүү болот;
  • аудиторлор үчүн «кынтыксыз ишкердик репутация» талабы киргизилет;
  • отчетторду жана аудитордук корутундуларды жарыялоо үчүн Финансылык отчеттуулуктун бирдиктүү мамлекеттик депозитарийи түзүлөт;
  • аудиторлор системалык бузуулар үчүн сертификатынан кол жуушу мүмкүн;
  • жаңы системада квалификациялык экзамендерди тапшыруу, билим берүү программаларын аккредитациялоо жана финансылык отчеттуулукту жарыялоо үчүн төлөм киргизилет.

Экономика министрлиги өзгөртүүлөр Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга, бизнестин ачык-айкундуулугун жогорулатууга жана каржы рыногуна көзөмөлдү күчөтүүгө багытталганын белгилейт.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.