Курс USD 86.78 / 87.29
Курс EUR 98.42 / 99.41
Курс RUB 1.046 / 1.084
Курс KZT 0.115 / 0.187
USD USD
86.78 / 87.29
EUR EUR
98.42 / 99.41
RUB RUB
1.046 / 1.084
KZT KZT
0.115 / 0.187

Президенттик администрация «Капитал Банктын» санкцияны айланып өтүүгө тиешеси бар деген кептерди төгүндөдү

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы чет элдик жана анонимдүү булактар тараткан банкы санкцияларды айланып өтүүдө жана санкцияланган адамдар менен катыштыгы бар деген маалыматты четке какты.
Президенттик администрация «Капитал Банктын» санкцияны айланып өтүүгө тиешеси бар деген кептерди төгүндөдү

Расмий билдирүүдө, банктын 100% акциясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык мамлекеттик мекеме экендиги баса белгиленет. Ал каржылык агымдардын ачыктыгын камсыз кылуу жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында түзүлгөн.

Банктын Илан Шор менен байланышы, санкцияланган түзүмдөр тууралуу тараган дооматтар негизсиз жана ишенимсиз деп аталып, Кыргызстандын каржы системасын дискредитациялоого багытталганы айтылат. 

Администрациянын маалыматына ылайык, «Капитал Банкынын» негизги милдети болуп трансчек аралык рублдик операцияларга мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу жана санкциялык басымды айланып өтүү үчүн каржы институттарын колдонууга жол бербөө болуп саналат. Бардык операциялар КРнын мыйзамдарына ылайык, эл аралык стандарттарга жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүгө ылайык текшерилет.

Маалыматтык саясат кызматы ЖМКларды, ошондой эле жарандарды текшерилген расмий маалыматтарга гана таянууга жана чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.


Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.