Кыргызстан Кытай менен инвестициялык байланыштарды жаңы келишимдердин негизинде кеңейтүүдө

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары тарабынан бир катар маанилүү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды.
Саммитте Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын ортосундагы инфраструктураны, өндүрүштүк жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Инвестициялык чөйрөдөгү негизги документтер:
- Жашыл минералдар чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму – экологиялык туруктуулукка басым жасоо менен тоо-кен жана кайра иштетүү секторунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
«Борбор Азия – Кытай» экономика жана соода министрликтеринин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча иш-чаралар планы.
- «Кытай – Борбор Азия – Европа» темир жол экспресс каттамдары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум.
Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы «Бир алкак, бир жол» демилгесин жогорку сапатта ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
- Бажы башкы башкармалыктарынын ортосундагы бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Кошумча келишимдер:
Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим, аталган саммиттин Астана декларациясы.
Климатты ар тараптуу колдоого багытталган техникалык кызматташтык, гуманитардык алмашуу, маданий программалар жана бажы кызматташтыгы боюнча документтерге кол коюлду.
Кошумчалай кетсек, саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактары менен КЭРдин ортосунда, анын ичинде Бишкек шаары менен Сычуань провинциясынын ортосунда да боордоштук мамилелер түзүлдү.
Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.