Кыргызстанда казак теңгеси менен операцияларга коюлган убактылуу чектөө узартылды

КРнын Улуттук банкы казак теңгеси менен операцияларды жөнгө салуучу токтомдун колдонуу мөөнөтүн 2026-жылдын 15-мартына чейин узартты. Республиканын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, МФК жана МККлары мурда киргизилген убактылуу тартиптин алкагында иштешет.

Кыргызстанда казак теңгеси менен операцияларга коюлган убактылуу чектөө узартылды
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын ушул жылдын 10-сентябрындагы токтому менен «Коммерциялык банктар, МКК жана МФК, ошондой эле алмашуу бюролору тарабынан казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Буга байланыштуу жөнгө салуучу төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

«КРнын Улуттук банкынын 2022-жылдын 18-мартындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялары тарабынан казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартиби жөнүндө» токтомунун колдонулушун токтото туруу 2026-жылдын 15-мартына чейин узартылсын».

КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-сентябрындагы токтому менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялары тарабынан казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартиби жөнүндө» токтом Улуттук банк  тарабынан 2022-жылдын март айында кабыл алынган.

2022-жылдын апрелинде КРнын Улуттук банкынын 2022-жылдын 22-мартындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялары тарабынан казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүнүн убактылуу тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»токтому кабыл алынган.

«Казак теңгесинин сомго карата курсу коммерциялык банк менен экспорттук контракттардын негизинде Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактардын ортосунда эркин (келишимдик негизде) аныкталат», - деп айтылат токтомдо.