Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «SkyWay» жана «Sky World Community» компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат түшкөн. Алдын-ала маалыматтарга караганда, алардын жетекчилери каржы пирамиданы уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн.
Текшерүүлөрдө белгиленгендей, аталган компаниялар Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды «Бишкек—Ош асман көпүрөлөрү» деп аталган чоң инвестициялык долбоорго катышууга тарткан. Жарандардан долбоорго каражат салышуу сунушталып, андан жогорку киреше ала тургандыгы убада кылынган.
Катышуучуларга инвестицияны чындап салгандай көрүнүш берүү үчүн мобилдик тиркеме сунушталып, анда каражаттардын өсүшү калп көрсөтүлгөн. Чындыгында, бул маалыматтар финансы менен камсыздалган эмес, ал каражаттар баары эле уюштуруучулар тарабынан өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланылган.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Каржы пирамидаларын уюштуруу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Анын натыйжасында, 1973-жылы туулган И.П. аттуу компаниянын жетекчиси жана «SkyWay» менен «Sky World Community» ишмердүүлүгүнүн уюштуруучуларынын бири кармалды. Кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү чара тандалды.
Учурда Кыргызстандын жарандарынын аталган каржы пирамидасынын кесепетинен жабыркагандыгы боюнча арыздар ИИМге түшүп жатат.
Министрлик Кыргызстандын жарандарына аталган компаниялардын ишмердүүлүгүнүн курмандыктары болсо, жакынкы милиция бөлүмдөрүнө кайрылууну же төмөнкү телефон номерлерге чалууну сунуштайт: 0505 102 612, 0703 686 883 же 102.
