Кыргызстанда төрт айда өнөр жай өндүрүшү 14,5%га өстү

Январь-апрель айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 209 миллиард сомдон ашыкты түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,5%га көп.

Кыргызстанда төрт айда өнөр жай өндүрүшү 14,5%га өстү

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. 

Анын айтымында, өндүрүштүн өсүүсү кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайынын бир катар негизги тармактарында шартталган.

Өсүүнү камсыз кылган негизги тармактар:

  • Тазартылган мунай — 1,5 жолу өсүү;
  • Тамак-аш азыктары, суусундуктар жана чылым —  1,6 жолу;
  • Жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүк  — +47,6%;
  • Фармацевтикалык продукция — +43,2%;
  • Желим, пластмасса буюмдары жана курулуш материалы — +41,3%;
  • Химиялык продукция — +12,1%;
  • Негизги металлдар — +1,0%;
  • Тоо-кен — +1,4%.

Өнөр жайдан тышкары, алгылыктуу динамика төмөнкү  тармактарда катталган: 

  • Курулуш — көлөмүнүн өсүүсү 53,3%га;
  • Дүн жана чекене соода— +8,8%;
  • Айыл чарба — +2,8%.

 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.