Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Облигациялардын купондук ставкасы 7,75% ды, мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2,1 миллиард АКШ долларынан ашып, бул көрсөткүч келишимдин финалдык көлөмүнөн 3 эсеге жогору болду. Жайгаштыруу процессине Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвесторлор катышты.
Белгиленгендей, Кыргызстандын облигацияларына инвесторлордун кызыгуусунун жогору болушу өлкөнүн макроэкономикалык саясатына, анын финансылык системасынын туруктуулугуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин транспаренттүүлүктү, бюджеттик тартипти жана эл аралык финансылык интеграцияны тереңдетүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерине ишенимдин өскөндүгүн күбөлөндүрөт.
Расмий маалыматта айтылгандай, Кыргызстан еврооблигациялар рыногуна ийгиликтүү чыгууну өлкөнүн инвестициялык аброюн бекемдөөгө, инфраструктураны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттик финансынын туруктуулугун жогорулатууга узак мөөнөттүү каражаттарды тартуудагы маанилүү кадам катары карайт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.