Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт

Кыргызстанда 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде белгилүү болду.

Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Анда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылышында президент Садыр Жапаровго банкноттор 17-ноябрдан тарта чыгарыла баштай турганын айтты. 

Анын маалыматына караганда, учурда кагаз иштери аягына чыгып, банкнот чыгарууга даярдык көрүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде,  келерки жылдын ортосуна чейин өлкөдө бардык улуттук банкнотторду басып чыгаруунун толук циклин — 20 сомдон 5 миң сомго чейин — өз алдынча түзүү пландаштырылып жатканын, бул финансылык көз карандысыздыкты чыңдоого жана акча жүгүртүүнүн коопсуздугун жакшыртууга шарт түзөрүн белгиледи.