Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда салыктык милдеттемени аткарбаган чет өлкөлүк кызматтар бөгөттөлүшү мүмкүн: тизме

Кыргызстандагы электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдар салыктык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, эгер талаптар аткарылбаса алардын кызматтарына кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн.

Кыргызстанда салыктык милдеттемени аткарбаган чет өлкөлүк кызматтар бөгөттөлүшү мүмкүн: тизме
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо кызматтары, санариптик контентке жеткиликтүүтү камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу кызматтар кирет.

Чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызматтарды көрсөтүүсү Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеменин түзүлүшүнө алып келбейт. Ошол эле учурда мындай уюмдар салыктык каттоодон өтүп, салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууга тийиш.

Салыктык каттоо vat.salyk.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт жана ошол эле учурда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо болуп эсептелет. Аталган арыз Кыргызстандын аймагында ишкердикти баштаганга чейин берилиши керек.

Учурда электрондук кызмат көрсөтүүчү 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын резиденттеринен киреше алып, бирок милдеттүү салыктык каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк уюмдар да аныкталган.

Cалык кызматы коммерциялык банктар менен биргеликте жүргүзгөн акча которуулар боюнча маалыматтарды талдоонун алкагында ири финансылык жүгүртүүгө ээ болгон 11 чет өлкөлүк компанияны аныктады. Алар:

  • Alibaba Group Holding Limited (1688);
  • Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. (Pinduoduo);
  • Twitch Interactive, Inc.;
  • Microsoft Corporation;
  • Valve Corporation;
  • Sony Interactive Entertainment LLC;
  • Epic Games Inc.;
  • Electronic Arts Inc.;
  • VK Company Limited;
  • Telegram FZ-LLC;
  • Dropbox Inc.

2024–2025-жылдар аралыгында гана аталган компанияларга 15,9 миллионго жакын акча которуу жүргүзүлүп, алардын жалпы суммасы 13,2 миллиард сомго жакын каражатты түзгөн.

Акча которуулардын эң ири көлөмү төмөнкү компанияларга туура келген - Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. - 8,89 млрд сом, Alibaba Group Holding Limited (1688) - 2,83 млрд сом, Microsoft Corporation - 1,01 млрд сом.

Мекеме кошумчалагандай, салыктык башкаруунун алкагында компанияларга салыктык каттоодон өтүү жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби боюнча бир нече жолу расмий каттар жөнөтүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилген. Тийиштүү кайрылуулар ТИМдин дипломатиялык каналдары аркылуу дагы жөнөтүлгөн.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин компаниялар тарабынан расмий кайрылууларга жооп берилген эмес. Ошол эле учурда алар Кыргызстандын аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн ишмердүүлүгүн улантып жатышат. Мындан ары дагы салыктык милдеттенмелер аткарылбаса салык органдары мыйзамда каралган чараларды кабыл алат.

Салык кызматы чет өлкөлүк уюмдарды салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана өз убагында салыктык каттоодон өтүүгө чакырат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.