Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны банки «Элдик Банк», «Айыл Банк» жана «Бакай Банк» аркылуу алууга болот.
Жарандарга экологиялык жылытуу жана энергия системаларын орнотуу үчүн жылына 6% менен 1 миллион сомго чейин насыялар берилет. Ал эми ишкерлер өндүрүштү модернизациялоо жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн жылына 10% менен 5 миллион сомго чейин ала алышат.
Каражатка күн батареяларын, жылуулук насосторун, электр казандарын жана башка экологиялык жактан таза жабдууларды сатып алууга болот.
Министрлик бул өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга жардам берерин белгилеп, тургундарды жана ишканаларды программага активдүү катышууга үндөдү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.