Кыргызстан коррупцияга каршы жаңы ыкмалар менен күрөшөт
Башкы прокуратура «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага каршы күрөшүү боюнча алты чара сунушталды.
-large-webp-large-webp.webp)
Документ 2025–2030-жылдардагы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана өлкөнүн коррупцияга каршы саясатын системалуу жаңыртууга багытталган.
Мыйзам долбоору рамкалык форматты сактоо менен бирге учурдагы көйгөйлөрдү эске алып, негизги жоболорду кайра карап чыгууну сунуштайт. Жаңы мыйзамга муктаждыктын себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коррупциянын деңгээлин өлчөө механизминин жоктугу;
- мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жетишсиздиги;
- коррупцияга каршы маданияттын начардыгы.
Жаңы мыйзам долбоору эмнени сунуштайт:
- Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу бирдиктүү мамлекеттик органды аныктоо;
- Коррупциянын алдын алуу чараларын күчөтүү, анын ичинде антикоррупциялык мониторинг жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди талдоо жана ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү;
- Мамлекеттик жана менчик уюмдар үчүн милдеттүү стандарттарды иштеп чыгуу;
- Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын маалыматка жетүүсүнө шарт түзүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү;
- Калктын, өзгөчө жаштардын арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында билим берүү жана агартуу программаларын кеңейтүү;
- Жарандык коом институттарын коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга активдүү тартуу.
Мыйзам эл аралык стандарттарды, БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын жоболорун жана Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбул планынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен таанышуу жана сунуш үчүн коомдук талкуу процедурасынын алкагында жеткиликтүү.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.