2025-жылдын 30-сентябрына карата Кепилдик фонд «Унаа» продуктусу боюнча жалпы суммасы 8,4 миллион сомдон ашык кепилдиктерди берип, жарандарга жалпы суммасы 39,8 миллион сомдон ашык автокредит алууга мүмкүнчүлүк берди.
Жаңы «Унаа» кепилдик продуктусу 2025-жылдын мартында ата мекендик өндүрүштөгү автоунааларга жана коммерциялык унааларга суроо-талапты стимулдаштыруу максатында башталган «Автокредиттерди жеңилдетилген каржылоо - 2» мамлекеттик долбоорунун алкагында ишке киргизилген.
«Унаа» кепилдик Tulpar Motors чыгарган каалаган Chevrolet моделин сатып алууга мүмкүндүк берет.
Кепилдикти «Элдик Банк» ААКсынан жана «Айыл Банк» ААКсынан автокредит алууда кайрылса болот.
Жаңы продукт жеке жактарга, анын ичинде жеке ишкерлерге да, коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенген юридикалык жактарга да жеткиликтүү. «КФ» ААКсы үчүн максималдуу катышуу коэффициенти каржылоо суммасынын 30% чейин түзөт.
«Унаа» кепилдик продуктусу тууралуу маалымат алуу үчүн 7500 телефонуна кайрылыңыз.