2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында, КРнын эл аралык резервдеринин көлөмү 6 млрд 508,4 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эл аралык резервдин ролу жана мааниси
Эл аралык резервдердин учурдагы көлөмү алдыдагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун болжол менен 5,7 айын жабат, бул эл аралык резервдердин жетиштүүлүгүнө коюлган сунушталган эл аралык критерийлерге шайкеш келет.
«2025-жылы эл аралык резервдердин өсүшү ички жана тышкы рыноктордогу операциялардан түшкөн каражаттардын эсебинен, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу конъюнктуранын натыйжасында камсыздалды. Ошону менен бирге, Улуттук банк эл аралык резервдерди башкарууда резервдик активдердин коопсуздугуна жана ликвиддүүлүгүнө багытталган консервативдүү стратегияны карманып келет», - деп жазылат маалыматта.
Эл аралык резервдер улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун жана Кыргыз Республикасынын каржылык туруктуулугун колдоого, ошондой эле өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат.
«КРнын Улуттук банкы ички жана тышкы экономикалык жагдайды эске алуу менен, тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактап туруу максатында эл аралык резервдердин жетиштүүдеңгээлин колдоого багытталган саясатын улантат», - деп билдиришти жөнгө салуучу органдан.
Эл аралык резервдер 2018-жылдан 2024-жылга чейин кандай өзгөрдү
Эске сала кетсек, 2024-жылы дүң эл аралык резервдери 3 миллиард 236,5 миллион АКШ долларынан 5 миллиард 088,1 миллион АКШ долларына чейин өскөн.
2023-жылы Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 миллиард 236 миллион долларды түзгөн.
Ал эми 2022-жылы эл аралык каржылык резерв 2 миллиард 798 миллион долларды түзсө, 2021-жылы 2,9 миллиард долларга, 2020-жылы резервдер 2,8 миллиард долларга, 2019-жылы 2,4 миллиард доллардан ашкан, ал эми 2018-жылы 2,1 миллиард долларга жеткен.