Эмгек укуктарын бузгандыгы үчүн иш берүүчүлөр 5 млн сом зыян тартышты

Бул тууралуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы билдирди.
Ушул жылдын январь–май айлары аралыгында жүргүзүлгөн пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эмгек мыйзамдарын бузууга байланыштуу жалпысынан 4 949 672 сом суммасында айып жана милдеттүү төлөм каралган.
Анын ичинен 4 318 672 сом эмгек мыйзамдары бузулган учурлардан жабыр тарткан кызматкерлерге компенсация катары иш берүүчүлөр тарабынан төлөнүп берилди.
Бул каражаттар негизинен эмгек келишими түзүлбөй иштетилген, негизсиз бошотулган же иш учурунда өндүрүштүк кырсыктардан жаракат алган кызматкерлердин укуктарын калыбына келтирүүгө багытталды.
Эң көп катталган мыйзам бузуулар:
- эмгек келишимдеринин түзүлбөшү;
- эмгек китепчелеринин берилишин камсыздабаган учурлар;
- иш убактысынын жана эмгек акы төлөөнүн мыйзам талаптарына шайкеш келбеши;
- эмгек коопсуздугунун талаптарын сактабаган шарттар;
- өндүрүштөгү кырсыктар боюнча өз убагында маалымдабоо жана компенсация төлөбөөгө аракеттер.
Кызмат тарабынан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, иш берүүчүлөргө мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттендирүүчү көрсөтмөлөр берилген. Ошондой эле, кайрадан кайталануусун алдын алуу максатында түшүндүрүү жана маалыматтык иштер жүргүзүлүп келет.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.